Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

Безбородова мандатын сактап калды


БИШКЕК. 30-июнда Жогорку сот №11-Курулуш шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Ольга Безбородова менен анын атаандашы Кабай Карабековдун арызын карап, маселени Безбородованын пайдасына чечти. Буга чейин Карабековдун арызын караган Биринчи май райондук соту Безбородованын катталуусун жокко чыгаруу тууралуу чечим чыгарган эле. Бирок Жогорку сот Биринчи май райондук соттун чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу 1-июлда Жогорку соттон кабарлашты. Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодон чыккан соттошуулар аягына чыгуу алдында турат. Учурда Бакайата шайлоо округу боюнча талапкер болгон Жусуп Иманалиев менен Равшан Жээнбековдун соттошуусу Бишкектин Октябрь райондук сотунда уланууда.

XS
SM
MD
LG