Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:56

Акаев Бакиев-Кулов тандемин колдойт


БИШКЕК. Мурунку президент Аскар Акаев жума күнү «Вечерний Бишкек» гезити аркылуу Кыргызстан калкына кайрылуу менен чыгып, анда Бакиев-Кулов тандемин келечектүү деп атады. Бул экөөнүн программасында азыркы коом чечүүгө муктаж болгон маселелер каралган. Ал эми президенттик шайлоодон кийин Алатоодо эл менен жолугушууга үмүт кылам, деп белгилеген Акаев кайрылуусунда. Бирок Кыргызстан элдик кыймылы шайлоо блогунун башчысынын орун басары Виктор Черноморец, 1-июлдагы билдирүүсүндө «Акаевчыл күчтөр шайлоону үзгүлтүкө учуратууга аракет кылууда. Бул үчүн ар кандай чагымдар даярдалышы ыктымал. Андан сырткары Акаевдин тарапкерлери 10-июлга добуш берүүгө келбей коюуга атуулдарды үгүттөп жүрөт. Мындай шартта Кыргызстан элдик кыймылы шайлоого активдүү катышып, атуулдук млидетти аткарууга Кыргызстан элин чакырат”,- деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG