Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:37

Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны расмий жабылды


БИШКЕК. 1-июлда Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны ишин расмий токтотту. Бул акыркы отурумду парламенттин март окуясынан кийин шайланган төрагасы Ишенбай Кадырбеков жапты. 24-март окуясына байланыштуу шашылыш чогулган депутаттар кырдаалга байланыштуу кош палаталуу Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышынын депутаттары ишин убактылуу улантышы керек деп чечкен. Бирок ошол кездеги жаңы төрага Кадырбеков Мыйзам чыгаруу жыйыны ишин убактылуу токтотуу тууралуу саясий чечим кабыл алгандыгын 28-мартта жарыялаган. Муну Жогорку Кеңештин жаңы курамы ишке киргендиги менен байланыштырып, жаңы парламент ишин жөндөй албай калса, мыйзам чыгаруу жыйыны дароо ишке кирерин билдирген. Ал эми Эл өкүлдөр жыйыны дароо эле ишин биротоло токтоткондугун жарыялаган. Кадырбековдун акыркы билдирүүсүнө караганда, мыйзам чыгаруу жыйыны өз кадамдары аркылуу өлкөнүн турукташуусуна тарыхый салым кошту. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынына беш жыл бою депутат Абдыганы Эркебаев төрагалык кылып келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG