Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

КЭК: Шайлоого элдин келбей калуу коркунучу бар


БИШКЕК. 10-июлга белгиленген президенттик шайлоого 50 пайыз шайлоочу келбей калышы ыктымал. Буга элдин Бакиев-Кулов тандеминен кийин көңүл ток болуп калышы жана Борбордук шайлоо комиссиясынын ички мигранттардын шайлоого катышуусуна жол ачпашы себеп болот, деп билдирди 1-июлда Кыргызстан элдик кыймылы шайлоо блогунун башчысы Кулубек Бөкөнбаев. Анын айтымында, ички мигранттар катталган жеринен айрып алуу талондорун алып келип, андан кийин шайлоого катыша алаары жөнүндөгү БШКанын чечими, миңдеген атуулдардын шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Анткени мигранттардын басымдуу көпчүлүгүнүн шаарда катталуусу жок, деп белгиледи Бөкөнбаев.

XS
SM
MD
LG