Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:17

НАСЫЯ АКЧА БЕРИЛЕТ, БИРОК АЛ ЖЕТИШСИЗ


Кыргызстандын өкмөтү быйылкы табигый кырсыктан жапа чеккен 389 кожолукка үй салып алуу үчүн 200 миң сомдон үстөк пайызы жок насыя акча бөлүү жөнүндө токтом кабыл алды. 82 миллион сомдук насыя акчанын курулуш ишине гана жумшалышын өкмөттүн алдындагы Турак-жай курулуш департаменти көзөмөлдөйт.

Быйыл жаз айында Кыргызстандын түштүгүндөгү биртоп айыл-шаарларды каптаган табигый кырсыктан жапа чеккендердин текши баары өкмөттөн үстөк пайызы жок насыя акча бөлүшүн күтүп отурат. Сузак районундагы Орток айылындагы жер көчкүдөн качып, түзгө көчүрүлгөн эки жүзгө жакын үй-бүлө бир жарым айдан бери райондун Жашасын деген айылында тигилген чатырларда күн кечиришүүдө. Суунун жанындагы Көгарт дарыясынан тундуруп ичишип, насыя акчага үмүт артып электр жарыгы жок отурушкан чагы.

- Бизге ссудасын чечип бергиле. Ансыз бул жердеги эл тарабайт. Булар али тоодо. Бизде бир гана жаңгакка карап жашайт. Быйыл жаңгак да болбой калды,--дейт Мыктыбек Абдыкааров.

Анын айылдашы Саткын Мурзаева тоодон түзгө көчүрүлгөндөрдүн абалын сурап койгон кишилер болбогонуна нааразы.

- Же бир эмне себептен бул жерге келдиңер деп бир адам кабар алганда мындай болбойт эле. Өзүбүз бир айдан кийин келгенден кийин гана эл бизден кабар алышты. Ага чейин биз бейгам эле таштын үстүндө жаттык. Ушул ташты көрбөгөн бирар-жарым чоңдор ал жерге барса ыйлайт.

Орток айылынын тургуну Саадат Раманкулованын жарымжан жолдошу каражанынын кайгайы менен алек.

- Жарык жок, эчтеке жок. Бир эле токойдон келип адырда отуруп калдык. Суу жок, электр жарыгы жок. Сууну сайдан ичебиз. Ылайкы. Тунуса тунуйт, тунубаса деле ичебиз. Айтып атам го, жолдошум оорукчан.

Өкмөт алдындагы Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын Турак-жай курулуш департаментинен алынган маалымат боюнча, табигый кырсыктан жапа чегип, үстөк пайызы жок насыя акча алып үй курууга муктаж кожолуктардын саны 5 миңге чукул. Андай адамдар Каракулжа, Алай, Өзгөн, Карасуу, Сузак райондорунда көп.

Өкмөт айтылуу «Кумтөр» алтын кенине тийиштүү акциясынын 15 пайызын дүйнөлүк базарга алып чыгып соодалаганынан түшкөн 82 миллион доллардын 2 миллионун жакырчылыкты жоюу, курч социалдык маселелердин катарында үй курулуш маселесин чечүүгө жумшоодо. Бөлүнгөн акча жалаң курулушка жумшаларын өкмөт алдындагы архитектура, курулуш маселелерин тейлеген комиссиянын турак-жай курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Буга чейин департамент 215 миллион сомдук курулуш иштерин жүзөгө ашырып, 887 үйдүн салынышына, 20 жаңы айылдын түптөлүшүнө салымын кошкон.

Департамент жетекчиси Айчүрөк Тазабекованын ырасташынча, үстөк пайызы жок насыя акчаны муктаж үй-бүлөлөргө бөлүштүрүү иштери эмдиги жумадан тарта башталат. Жаңы үйдү курууга, албетте, азыркы шартта 200 000 сом жетишсиз, мындан эки-үч жыл илгери бул акчага бышкан кирпичтен 92 чарчы метрлик үйдү салууга болор эле.

- 2002-жылга чейин 24 миң сом эле бөлүнчү. 1997-1998-жылдар үчүн бул жетиштүү эле акча болчу. Бул акча жаңы үй салганга жетчү. 2002-жылы ал акчага үй салыш мүмкүн болбой калды. Ошол жылы Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө кыштагында жер көчкү болгон кезде өкмөт мүчөлөрү кырсык болгон жерде болушуп, насыя акчанын өлчөмүн 200 миң сомго көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алынган.

Мурда 24 миңге, кийинчерээк 200 миңге чыккан үй курулушунун баасы жылдан-жылга кымбаттап баратыр. Өткөн жылы стандарт үйдүн орточо баасы 280 миңге чыкты.

- Калган 80 миң сомду үй-бүлө өз жанынан кошту. Азыркы баа менен алганда жаңы үйдү курууга 300 миң сом кетет,- деп айтты А.Тазабекова.
XS
SM
MD
LG