Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:01

БИРИНЧИ ТЕРМОӨЗӨКТҮК РЕАКТОР ФРАНЦИЯДА КУРУЛМАЙ БОЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага 28-июнда Маскөө шаарында Европа Биримдиги менен беш дүйнөлүк мамлекеттин өкүлдөрүнүн жыйыны болуп, дүйнөдөгү биринчи эл аралык термоөзөктүк эксперименталдык реакторду Францияда куруу чечими кабыл алынды. Ага бардыгы болуп 12 миллиард 200 миллион доллар сарпталат жана реактор он жылдын ичинде курулуп бүтүүгө тийиш. Долбоор ийгиликтүү аяктаса, адамзаттын алдында турган эң негизги маселелерди бири чечилиши мүмкүн.

Мындан элүү жыл мурда атом бомбасы жасалгандан көп өтпөй, атом энергиясын бомба түрүндө эмес, электр кубатын жараткан атом станциясында пайдалануу идеясы ишке ашырылган жана андай станциялар азыр ар бир өнүккөн мамлекетте бар. Андай бомбада же реактордо кубат - кайсы бир заттын атому экиге бөлүнгөндөн чыгат, бирок андан да көп кубат бир атом экиге бөлүнгөндөн эмес, эки атом бириккенден жаралышы мүмкүн, андай жараян, мисал үчүн, Күндө такай болуп турат жана Жерге жеткен күн нурлары менен анын жылуулугу ошондой өзөктүк жарылуунун натыйжасы. Андай жараян термоөзөктүк же өзөктүк синтез, же жөн эле термосинтез деп аталат.

Термосинтез башталыш үчүн миллиондогон градус ысыктык керек жана андай жараянды башкаруу үчүн магнит тааласы колдонулат. Андай реакторлордун "Токамак" деген түрү алгач СССРде курулган жана анын идеясы башкалардан артык экенин бардык мамлекеттер тааныган. Бирок анын өндүрүшкө жөндөмдүү эксперименталдык түрүн курууга СССРдин өзүнүн каражаты жетишсиз болгондуктан, 1985-жылы президент Михаил Горбачев Франциянын ал кездеги президенти Франсуа Миттеранга кайрылган жана ошондон тартып окумуштуулар биргелешкен эл аралык реактор куруу жөнүндө сүйлөшүү баштаган.

Сүйлөшүүгө алты тарап - АКШ, Европа Биримдиги, Жапония, Кытай, Орусия жана Түштүк Корея катышкан. Алардын окумуштуулары 2001-жылы андай реактордун техникалык шарттарын иштеп чыккан жана акыркы төрт жылда биринчи эл аралык термоөзөктүк эксперименталдык реактор - англисче аталыштагы сөздөрдүн биринчи тамгаларынан ИТЭР деп аталып, аны кайсы мамлекетте куруу маселеси талкууланып келген. Талапкер өлкөлөр катары АКШ, Жапония, Испания, Канада жана Франция аталган, көпкө уланган талкуудан кийин алардын экөө - Жапония менен Франция калган жана Маскөөдөгү жолугушуу учурунда реакторду Франциянын түштүгүндөгү Кадараш деген шаардын алдында куруу чечими кабыл алынды.

Европа комиссиясынын өкүлү Пиа Аренкилде Хансендин айтымында, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин долбоордун техникалык шарттары тандалган аймакка ылайыкташтырылып, эмдиги жылдан тартып курулуш башталат:

- Эми биз долбоор боюнча техникалык келишимдин аягына чыгып, мүмкүн болушунча ылдамыраак курулушка киришебиз. Андай иштер үстүбүздөгү жылдын аягына чейин аяктайт деген үмүттөбүз. Долбоор боюнча чечим кабыл алынганы жана эл аралык кызматташуу мындан ары дагы өнүгө турганына биз, албетте, ыраазыбыз.

Франция эми он жылга улана турган курулуш учурунда эки жарым миңге жакын жаңы жумуш орун түзө алат жана чет өлкөлөрдөн 10 миллиард еврого жакын инвестиция келүүгө тийиш.

Термосинтез учурунда эбегейсиз кубаттан тышкары нейтрондор менен нейтралдуу гелий атому гана пайда болгондуктан, аны окумуштуулар экологиялык таза жараян деп эсептейт, бирок экологдор баары бир тынчсызданууда. Колдонулган аспаптар өздөрү ылдам нейтрондордун таасири алдында радиокативдүү боло башташы мүмкүн, андан тышкары жалпы бүткүл технологияны уран байытуу иштери үчүн да колдонсо болот.
XS
SM
MD
LG