Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:17

ПУТИН КЫТАЙ МЕНЕН СТРАТЕГИЯЛЫК ӨНӨКТӨШ БОЛУУНУ КААЛАЙТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын президенти Владимир Путин жума күнү Кытай төрагасы Ху Цзиньтаону Кремлде кабылдап, эки өлкө ортосунда алака чынында эле өнөктөштөрдүкүндөй жана стратегиялык мүнөздө өөрчүй баштаганын айтты. Жетекчилер экономикалык маселелерден сырткары эл аралык милдеттерди чечүүдө БУУ ролун арттырууну оозго алышты.

Орусияга төрт күндүк ырасмий сапар менен келген Кытай жетекчиси 1-июлда, орусиялык президенттин кабыл алуусунда болду. Ал жерде айткан кебинде Ху Цзиньтао эки өлкө алакасы жакшырып баратканын белгиледи:

- Эки тараптын аракеттери натыйжасында кийинки жылдары Орусия – Кытай алакасы позитивдүү өзгөрүүлөргө учурап атат. Биз мындай натыйжага ыраазы болушубуз керек. Биздин өлкөлөр стратегиялык келишимге кол коюшкан. Чегара араздашуусун толук чечүүгө жетишишти. Ошондой эле эки тарапка тең пайдага чечилүүчү коопсуздук маселеси боюнча кызматташтык механизими түзүлдү.

Ал жерде сүйлөгөн Орусиялык президенттин кеби мамлекеттер арасында саясий, экономикалык жактан жакындашуу менен байланыштуу чыкты:

- Биз саясий катышты жана экономикалык байланышты ошондой эле мээримдүүлүк жактан кызматташууну жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча белгилүү өсүшкө жетиштик. Согуштук-техникалык кызматташтык кеңейип баратат. Ошондой эле жалаң гана согуштук чөйрөдө бирге аракеттешүү да күч ала баштады.

Орусиялык кайсы бир агенттиктер: «Кытайдын төрагасынын келип кетиши эки элдер алакасын белгилүү деңгээлде жакшыртучу учур болуп каларынан Путин үмүт этет», - деп жазды. Анализчилер баамында, Бежин талап кылып аткан нерсе – Жапонияга каалоосуна каршы келүүчү мунай акчу ноону Бээжиндин өзүн карай бурдурушу. Дагы бир маселе - Иркут обулусундагы Ковыкты жерирнен чыкчу газды иштетүүнү да өзүнө алуу дешет.

Анализчи Сергей Лузианин баамында эки өлкө жетекчилер ортосунда башкы кеп үч маселе тегерегинде болгон:

- Биринчиден - Кытай үчүн буга дейре жетишкен келишимдерди бышыктап алуу болчу. Экинчиден – Борбордук Азияда коопсуздук маселесин теске салуу боюнча бир-бирине шайкеш келгидей аракет жаcоого жетишүү. Эч кандай жашырын кеп эмес – Кытай, жакында атайылап, коомчулуктун тамырын тартып көрүү үчүн, Кыргызстандын жерине, согуштук базасын ачуу аңыртын чуркатып көрдү. Бир сөз менен айтканда, азыр Кытай сөздөн ишке өтө баштаган кези. Үчүнчүдөн - Орусия паанасы менен Кытай энергетикалык такоолго жетишкиси келет.

Саясий анализчилер баамында, жалпыга айтылбай макулдашууга жетишилген кепте, кантсе да, Түндүк Корей өзөктүк куралды өздөштүрүү программасы болгон.

Дагы бир маалыматка караганда, кийинки айда Кытай менен Орусия биргелешкен согуштук машыгуу өткөрүшмөкчү.
XS
SM
MD
LG