Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Түркиянын борборунда жанкечти экстремист полиция тарабынан атып өлтүрүлдү


Ал Анкарадагы адилет министрлигинин имаратын жардырууга аракет кылып жаткан. Жанкечтинин жанында жардыруучу зат бар экенин имаратты коргогон полициячы аны текшерүүдөн өткөрүп жаткан мезгилде байкап калган. Жанкечти качууга аракет жасаган кезде полициянын аткан огунан каза болгон.

2003-жылдын аягында Түркиядагы ири шаар Истанбулда жанкечтилер тарабынан 4 жардыруу болуп, 60 киши курман болгон. Учурунда ал жардырууларды жасаганын “Ал-каида” тобу айтып чыккан.

XS
SM
MD
LG