Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

Германияда мөөнөтүнөн мурда шайлоо болот


Германиянын парламенти бүгүн Герхард Шрөдерге ишеним көрөтпөө үчүн добуш берди. Эми эрте парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн жол ачылды. Канцлер эрте шайлоо өткөрүүнү көздөп, өз тарапкерлерин добуш бербөөгө үндөп келген. Шрөдер мен жаңы мандат алууга жетишсем, экономикалык реформаларды улантам деп сөз берди. Май айында канцлер анын партиясы Түндүк Рейн вестфалия аймагындагы жергиликтүү шайлоодо утулгандан кийин шайлоону эртерээк өткөрүү пландары менен бөлүшкөн эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG