Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

АБСАМАТ МАСАЛИЕВГЕ БААТЫР НААМЫ БЕРИЛДИ


Кыргызстандын белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмери маркум Абсамат Масалиевге «Кыргыз Республикасынын баатыры» наамын берүү туралуу жардыкка 25-июнда кол коюлган. Жардык 1-июлда маалымат каражаттарында жарыяланды.

Абсамат Масалиев 1933-жылы азыркы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Алыш айылында туулганы белгилүү. 23 жашында Москвадагы тоо кен институтун аяктап, өз кесиби менен азыраак иштегенден кийин эле партиялык ишке өткөн. 1985-жылы Кыргызстан коммунисттик партиясынын биринчи катчылыгына шайланган. Бул кызматта 1991-жылга чейин иштеген. Өмүрүнүн акыркы жылдарында Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитетин жетектеп келген. Анын өмүрү өткөн жылы 31-июлда Бишкекте дачасында жүрөк ооруусунан үзүлгөн.

Абсамат Масалиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын берүү сунушу 2003-жылы Мыйзам чыгаруу жыйынынын “Кыргызстан” депутаттык тобу тарабынан анын жетимиш жылдыгына карата, андан кийин ал каза болгондон кийин 2004-жылы сентябрь айында парламентте көтөрүлүп, ошол кездеги президент Аскар Акаевге сунушталган. Бирок ал көңүл сыртында калган.

Буга Масалиевдин оппозицияда болушу себепкер болгон дейт, анын студенттик кезден берки досу, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Орозбек Дүйшеев:

-Эми мурунку өкмөт ушундай эле, оппозициялык адамдарга берчү эмес. Буга окшогон мисалдар көп.

Ал эми президенттин милдетин аткаруучунун жардыгы тууралуу Дүйшеев мындай пикирин айтты:

- Акыйкаттык баары бир жеңет экен. Ошол акыйкаттык жеңип, бул кишиге баатырдык наам берүү тууралуу жардык чыкты. Буга баарыбыз сүйүнүп жатабыз.

Абсамат Масалиевге кечигип болсо да эл баатыры наамынын берилиши тууралуу маркумдун өмүрлүк жубайы Кайрыниса Масалиева буларды билдирди:

- Кубаныч деп да айта албаймын, өкүнүч деп да айта албаймын. Бирок анысы да, мунусу да бар. Эгерде ушуну 2003-жылы берсе өзү кичине сүйүнүп кетер беле деп, толкунданам. Анан ошол эле учурда, рахмат, замандаштары биригип, депутаттар кайра ушуну көтөрүп, артына түшүп, сунуш кылганына сүйүнөм.

Сыйлык өз убагында берилсе туура болот эле деген пикирин Абсамат Масалиевдин уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев да билдирди:

- Мен өзүм абдан ыраазымын. Бирок ар нерсе өз убагында болсо жакшы болот эле да. Сыйлык атама берилип атса да, саясий ишмер болгондон кийин айта алам, татыктуу киши болчу.

Исхак Масалиевдин айтымында, мурунку Жогорку Кеңеш тарабынан Абсамат Масалиевге баатыр наамын берүү сунушун комиссия караган да эмес:

- Сыйлык боюнча комиссиянын документтерин көтөрүп карасак, биз жиберген сунушту Аскар Акаев Осмонакун Ибраимовго каралсын деп тапшырган. Бирок комиссияны жыйнабай эле, экөлөөп-үчөөлөп чечип, татыктуу эмес деген чечим чыгарган. Комиссия жыйналыш өткөргөн эмес.

Абсамат Масалиев каза болгондон кийин анын туулган Алыш айылы курамына кирген Карадөбө айыл өкмөтү Абсамат Масалиев атындагы айыл өкмөтү деп аталды. Ал эми 24-марттагы элдик ыңкылаптан кийин Ош шаарында Кыргызстан көчөсү, Каракол шаарында Фучик көчөсү Абсамат Масалиев атындагы көчө деп аталды. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттарынын Бишкектин Киев көчөсүн Абсамат Масалиев атындагы көчө деп атоо тууралуу сунушу кезинде колдоо тапкан эмес. Эми маселе кайра каралышы ыктымал, деп белгиледи Исхак Масалиев. Күз айларында Аларча көрүстөнүндө Абсамат Масалиевдин эстелиги ачылмакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG