Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

Жаңы партиянын илимий-практикалык конференциясы өттү


БИШКЕК. 2-июлда Бишкекте «Кыргыз кылымы» саясий партиясынын республикалык илимий-практикалык биринчи конференциясы өттү. Анда кыргыз элинин рухий дөөлөттөрү, философиясы, дүйнө таанымдары жана жалпы турмуш баамы, теңирчилик тууралуу баяндамалар окулуп, талкуу болду. Конференциянын катышуучуларына «Кыргыз кылымы» партиясынын өкүлү, публицист Советбек Байгазиев кыргыз коомун ичкериден жаңылоонун концепциясын сунуш этти. Ал эми тилчи Ташбоо Жумагулов мамлекеттик тилдин бүгүнкү абалы жана келечеги жөнүндө ой-пикирлерин ортого салды. Конференциянын соңунда Резолюция кабыл алынып, анда кыргыз элинин руханйи маданиятын, улуттук тилин өнүктүрүү маселелери көтөрүлдү.

XS
SM
MD
LG