Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: ЭҢ УЛУУ АМЕРИКАЛЫК АТУУЛ, ТЕНТЕК МИЛЛИОНЕР, ИРАНДЫК КЕСИПТЕШЕРИНЕ ТААРЫНГАН БЕЛЬГИЯЛЫК ДЕПУТАТТАР


Роналд Рейган – Американын эң улуу атуулу

Экс-президент Роналд Рейганды мекендештери Американын эң улуу атуулу деп аташты. Былтыр 93 жашында каза болгон Рейган кулчулукту жойгон Авраам Линкольнду, каралардын укуктарын коргоочу Мартин Лютер Кингти артта калтырды. Улуттун атасы деп атыккан Жорж Вашингтон 4-орунду ээледи. Физик Алберт Эйнштейн жана Айга биринчи болуп барган Нил Армстронг тизменин биринчи 10 сабына илинбей да калды. 9-орунда болсо белгилүү теле алып баруучу Опра Уинфри жайгашты. Эң кызыгы 5-орунга америкалыктар азыркы президент Жорж Бушту, 6-кылып мурдагы президент Билл Клинтонду тандашты. Сурамжылоо Дискавери каналы тарабынан уюштурулган. Ага 2, 4 миллион америкалык катышты.

2002-жылы ушундай эле сурамжылоо Британияда өткөрүлүп, анда Экинчи дүйнөлүк согуш маалында премьер-министр болуп турган Уинстон Черчиль эң улуу британиялык деп аталган. Француздар Шарль де Гольду, немистер болсо Конрад Аденауэрди эң улуу мекендеши деп эсептешет. Кыргызстанда ушундай сурамжылоо өткөрүлсө “Эң улуу кыргыз” деген наам кимге ыйгарылмак?

Кытайда интернетти колдонгондордун саны өсүүдө

Кытайда интернетти колдонгондордун саны 100 миллион адамдан ашты. Эми Кытай АКШдан кийинки 2-орунга чыкты. Себеби өлкөнүн экономикасы ылдам өсүүдө, калктын турмушу жакшырып, алар көбүрөөк компьютер сатып ала башташты. Ал эми бийлик болсо интернетке анча жакшы мамиле жасабайт өңдөнөт. Порнографиялык сайт же коммунисттик режимдин идеяларына сыйбайт деген шылтоо менен интернеттеги улам бир материалга бөгөт коюлуп келет. Өткөн жумада өкмөт атайын мекемелерде катталбаган сайттар жабылат деп жарыялады.
Баса, акыркы мезгилде чөнтөк телефондору бар кытайлыктардын саны да көбөйүп, 358 миллион кишиге жетти.

Ирандык депутаттар Бельгиялык кесиптештерин кантип таарынтышты?

Бельгия парламентинин спикери Брюсселде визит менен жүргөн ирандык депутаттар менен тамактануудан баш тартты. Коноктордун үстөлдү спирт ичимдиктеринен тазалоо талабы, адатта толеранттуу Херман де Крону абдан нааразы кылды, - дейт спикердин басма сөз катчысы. Түшкү сый тамак жума күнкүгө пландалган. Бирок Тегерандык парламентарийлер алкоголь болбосун деген шарт коюшкандан кийин, бельгиялык спикер тамактын ордуна консерватор депутаттар менен сааттарга созулган сүйлөшүү өткөрдү. “Коноктор алкоголь ичпей эле коюшсун, бирок биз башкалардын салттарына эмне үчүн баш ийишибиз керек”, - дейт де Кро.

Муну менен ирандыктардын Брюсселдеги жоруктары аяктаган жок. Делегациянын жетекчиси, спикер Голамали Хаддадедель Бельгия парламентинин жогорку палатасынын жетекчиси Анна-Мари Лизин менен кол кармашып, учурашуудан баш тартты. Иранда эркектер чоочун аялдардын колун кармабайт деп түшүндүрдү спикер. Анда Лизин айым ирандыктар менен таптакыр жолугушпай коюну чечти. “Алар биздин салттарыбызды урматташы керек. Биз Иранга барсак, ал жердин үрп адаттарына баш иймекпиз”, - деди Лизин.

Тентек миллионер

Акча бардык эле адамдарды өзгөртпөйт экен. Мындай ойго Майкл Кэролл деген бриатниялык жигиттин таржымалын укканддан кийин келет экенсиң. Короо шыпырып жүргөн Майкл 3 жыл илгери лотереядан 10 миллион фунт стерлинг утуп алган. Бирок жаңы миллионер мурдагы адаттарын калтырбай, баягы эле ээн баштыгын улантууда. Шейшембиде Кэролл таш, темир тезек менен аткан тапанчаны алып алып, дүкөндөрдүн терезелерин, көчөдө кетип бараткан машиналарды аткылагандыгы үчүн коомдук иштерге милдеттендирилди.
Бул – Кэролдун 5-жолку сот жообуна тартылышы. Миллионер эки жылдын ичинде эле 80 машина, бир нече турак жай, Рэнжэрс футбол клубунун акцияларын сатып алган.

Буга чейин ал бангизаттардан жана алкогольдон дарылануудан баш тарткандыгы үчүн жазаланган.

XS
SM
MD
LG