Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

АЗИЯ ЧЕМПИОНУ СЕМЕТЕЙДИН АРМАНЫ


Наманган шаарында шахмат боюнча өспүрүмдөр арасында Азия чемпионатынын акыл таймашында кыргызстандык Семетей Төлөгөн тегин баш байгенин ээси болуп, өлкөнүн тарыхында алгач ирет Азиянын алтын медалын тагынган. Бир айдан бери Семетейди ийгилиги менен куттуктаган жетекчи болбоду. Ошондой эле 18- июлда Францияда өтө турган дүйнө чемпионатына барууга каражат табылбай, Азия чемпиону Семетейдин ата-энеси убара болуп жүрүшөт.

Бир ай мурда Намангандагы 16 жашка чейинки шахматчылардын акыл таймашына Индия, Иран, Вьетнам, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышып, Азия чемпиондугу үчүн 9 тур беттешүүнүн жыйынтыгында кыргызстандык Семетей Төлөгөн тегин биринчи орунду ээлеп, Азия чемпиону аталып, алтын медалдын ээси болгон.

Азия чемпиону болгон кыргызстандык Семетей Төлөгөн тегин 2001- жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында коло байге уткан. Уулу Семетей Төлөгөн тегин Москвадагы Анатолий Карпов атындагы Эл аралык шахмат мекебине кабыл алынганын атасы Төлөгөн Исаев айтты. Азия чемпиону болгон Семетейди Орусиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын шахмат федерациялары, спорт жетекчилери чакырып, шарт түзүп беребиз деп жатышканын, бирок кыргыз намысы үчүн уулун ал жакка жибербей жатканын кошумчалады:

- Менин уулум Семетей 2001- жылы Азия чемпионатында жеңүүчү болгондон кийин Орусия жана Казакстан өлкөлөрү бир нече ирет чакырышкан. Москвадан же Алматыдан үй беребиз, шартын түзүп беребиз дешкен.Казактар айына бир миң доллар стипендия төлөп берүүгө убада кылышкан. Биз андай убадаларга көңүл бурбай, Кыргызстандын ар- намысын жогору койгон элек. Баламдын улутун «казак» же «өзбек» деп жазууга биз да, уулум да макул болбодук. Эми аларга түзүлгөн шарт биз үчүн жомоктогудай десем да ашыкча болбос. Кыргыз элимдин алдында жүзбүз жарык жүргөнүбүз артык дегем. Бирок, Азиянын чемпиону болуп келсе да эч бир жетекчи кабыл алып, көңүлүн сурап да койгон жок. Эми Францияга барууга каражат таба албай кайырчы болуп жүрөм.

Семетейдин атасы ошондой эле айла кеткенде дүйнө, Азия биринчиликтерине уулун катыштыруу үчүн Бишкектеги үйүн, машинасын жана чакан дүкөнүн сатууга туура келгенин, кыргыз спортуна күйгөн, жаштарга көңүл бурган жетекчиге жана демөөрчүгө зар болгонун айтып, Кыргызстанда спорт тармагында саясат жок деп эсептээрин кошумчалады.

18-июлда Францияда өспүрүмдөр арасында шахматтан дүйнөлүк биринчилик болот. Семетей баштаган жаш шахматчылар илгери үмүт менен дүйнөлүк таймашка даярдык көрүп жатышат.

Бишкектеги 70- мектептин 8- классынын окуучусу, быйылкы Азия чемпиону Семетей Төлөгөн тегин «максатым дүйнө чемпиону болуп, Кыргызстанды таанытуу» дейт:

- Быйыл даярдык ойдогудай деп айтуу кыйын. Былтыр каражат табылбай Сингапурдагы Азия биринчилигине барбай калдык. Эгерде акча табылса, быйыл Франциядагы дүйнө биринчилигине барабыз деп ойлойм. Шахмат боюнча дүйнө чемпиону болгум келет.

Мындай талантуу жаштарга шарт түзүүгө аракет кылып жүргөнүн, былтыр Кыргызстандын шахматчыларын дүйнөлүк олимпиадага карызга каражат таап жөнөткөнүн өлкөнүн шахмат федерациясынын президенти, финансы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров айтып, Семетей баштаган жаштарды Францияга дүйнө чемпионатына жиберүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын билдирди:

- Өлкөдө келечектүү, таланттуу жаштар арбын. Быйылкы бюджеттин абалын көрүп турасыздар. Колдон келген жардамды аябайбыз. Мен шахмат федерациянын жетекчиси болгондуктан жаш жөндөмдүү балдарга шарт түзүүгө милдеттүүмүн.

Чынында Кыргызстандын шахматчылары ата- энелердин колдоосу менен гана кармалып турат. Семетей Төлөгөн тегинден сырткары жол киреге каражат табылса, Кыргызстандын чемпиондору Дан Акеров, Ислам Аманбаев, Асыл Сыдыков, Бекназар Эсенбек уулу кыздардан Жаңыл Тиленбаева, Валерий Ким, Айжаркын Чыңгыз кызы Франциядагы дүйнө чемпионатына Кыргызстандын намысын коргоого барышат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG