Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45

МЕЛИС ЭШИМКАНОВ: «ЕККУ МАРТ ОКУЯСЫН ДЕМОКРАТИЯНЫН ЖЕҢИШИ КАТАРЫ БААЛАДЫ»


1-июлда Вашингтондо Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттер аралык Ассамблеясынын 14-сессиясы ишин баштады. Бул жыйынга Кыргызстандан Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов катышып жатат. Ассамблеянын алгачкы күнкү жалпы жыйынынан кийин депутат менен кабарчыбыз телефон аркылуу маектешти.

- Мелис мырза, сизди ЕККУ жыйынына кетти, ал жерде Кыргызстандын маселеси да каралат экен деген кабар тарады эле. Ушул маселелердин чоо-жайы тууралуу айтып берсеңиз адегенде?

- Кечээ расмий биринчи жыйын башталды. Адегенде эле көңүл бурчу нерсе – ачылышында АКШнын мамлекеттик катчысы Кондализа Райстын, ЕККУнун жетекчилеринин, Сенат башчысынын сөздөрүнүн бардыгында Кыргызстан көңүлдүн борборунда болуп, 24-марттагы окуялар, андан кийинки биздин өлкөбүздөгү ар кандай процесстер, 10-июлдагы президенттик шайлоо, Анжияндагы окуялар, Кыргызстанда баш паанек сурап турган адамдар тууралуу сөз болуп, Кыргызстан деген мисал ар бир сүйлөгөн расмий өкүлдүн сөзүндө бир канча ирет кайталанып турду. Анан Кыргызстанга бир кичинекей сын айтылып кетти, Башкы прокурордун сөзү боюнча Анжияндагы айрым качкындар артка кайтарылат экен, алардын өмүрүнө коркунуч туулат экен деген сөздөр болуп кетти. Мен бир аз тартипти бузуп, сөз сурадым. Менден мурда Грузия парламентинин спикери Нина Буржанадзе Түндүк Осетия боюча өзүнүн талаш пикирин, мен болсо Анжияндан ооп келгендерге байланыштуу макул эместигимди билдирдим. Биздин Башкы прокурор болгону кылмыш ишин жасаган качкындардын маселесин тыкыр карап жаткандыгы жөнүндө, Кыргызстандын жаңы бийлиги ЕККУнун БУУнун алдындагы эл аралык милдеттенмелерди так аткараарын, эч кимди жөндөн жөн берип жатпагандыгын айтып, ошол кыргыз-өзбек чегарасындагы качкындарга гуманитардык жардам толук кандуу көрсөтүлүшүн сурандым. Ошондой эле биз ЕККУ менен эл аралык уюмдардан мурда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда дагы жеке кошуналык мамилелелерди аттап кете албастыгыбызды билдирдим. Менимче, жыйынды башкарып жаткан Словениянын башчысы түшүнүү менен кабыл алды, бизге ыраазычылык билдирди.

- Ассамблеянын иши беш күнгө созулат экен. Мындан ары пикириңизди айтуу мүмкүнчүлүгү дагы түзүлөбү?

- Эми ЕККУ мүчөлөрү ассамблеяда коопсуздук, терроризм, демократиялык шайлоолор, адам укуктары боюнча ар кыл комитеттерге бөлүнүп иштешет. Мен буюрса көптөгөн комитеттерге жазылып, өзүмдүн пикиримди билдирейин деп атам. Ошолордун ичинде «Демократиялык принциптер жана адам укугу» деген бир жыйын болот экен. «24-марттагы окуялар, андан кийинки өлкөбүздүн ичиндеги демократиялык өнүгүү кандай жүрүп жатат?» деген боюнча жазылып койдум. Кеңири доклад жасайын деген ниетим бар. Бул жакка келип, Кыргызстандын атынан сүйлөп аткандан кийин биздин саясий дымагыбыз арткы планга кетиш керек деп ойлойм. Ошондой эле Кыргызстандын кызыкчылыгы, анын үстүнө биздин чакан мамлекетибиз эл аралык коомчулуктун көңүл чордонунда болуп аткандан кийин, мекенибиздин патриоту катары мекенибиздин келечеги жөнүндө так көз караштарды билдирейин деген оюм бар.

- Cиз жана качкындар маселесин козгоп кетпедиңизби. Баш паанек сурап турган Кыргызстандагы өзбекстандык атуулдарга байланыштуу ЕККУ тарабынан кандайдыр бир сунуштар болдубу? Үчүнчү өлкөгө которуу же башка демилгелер боюнча кандайдыр бир иштер жүрүп жатканын ачыкташтыбы?

- Алар майдалап айтыша элек. Бирок ЕККУ жетекчилери абдан кескин пикирин билдиришти. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилеңерге карабай (биз достугуңарды түшүнөбүз дейт) силердин эл аралык милдеттенмелериңер бар, силер качкындардын укуктарын толук колдошуңар керек, мүмкүн болушунча Өзбекстанга аларды ар кандай себептер менен кайтарып бербегенге катуу турушуңар керек дешти. Анын үстүнө АКШнын мамлекеттик департаменти мамлекеттик катчы Кондализа Райстын оозу менен абдан тынчсыздангандыгын, нааразы экендиктерин, Анжияндагы окуяларды ачык чыгарбай жаткандыгын, эл аралык изилдөө болбой аткандыгын катуу билдиришти. Анан Кыргызстанга качкындардын укугун коргоо боюнча ишеничи чоң экенин катуу айтышты.

- Өзбекстандык 4 адамды кайтарып берүү фактысы боюнча Эл аралык уюмдар Кыргызстанды катуу сынга алып жаткандыгын маалымат каражаттары көп жазып атышат. Бул маселе козголдубу?

Козголду. Анын туура эмес экенин айтышып, Башкы прокурордун жеке демилгеси катары кабылдашты. Мен түшүндүргөнгө аракет кылдым. Бул жеке эле Башкы прокурордун эмес, жалпы кылмыш ишине байланыштуу эки мамлекет ортосундагы макулдашууга ылайык иш болуп кетти. Бирок Кыргызстан мындан ары эл аралык милдеттенмелерди аткарат. Башка качкындарды бербегенге аракет жасайт деп билдирдим.

- Март окуясына кандай карашты, кандай баалашты?

- Кондализа Райс да, ЕККУнун башка жетекчилери дагы абдан алгылыктуу көрүнүш, Борбор Азиядагы демократиянын жеңиши катары баалашты, бир адамдын диктатурасы созулбастыгы жөнүндө айтышты. Кыскасы, кайсы доклад, кайсы оратор болбосун, Кыргызстанды позитивдүү кабылдашып, үлгү катары көрсөтүп, эң негизгиси, мындан аркы 10-июлда боло турган президенттик шайлоо абдан адилет, калыс, демократиялык мүнөздө өтөрүнө ишенимин билдиришти. 10-июль деген нерсе сессияда калп айтпасам он чакты жолу кайталанды. Эгерде ушул норманы, ЕККУнун стандарттарын сактаса, бардык мүчөлөр Кыргызстанга гуманитардык, укуктук, каржылык жактан ар тараптуу жардамыбызды аябайбыз деген пикирлерин ачык билдиришти.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG