Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:50

РОЗА ОТУНБАЕВА: “БАШ ПААНЕК ИЗДЕГЕНДЕР МАСЕЛЕСИН ЖАКЫН АРАДА ЧЕЧҮҮГӨ МАЖБУРБУЗ”


Анжиян окуясында баш паанек издеп Кыргызстанга келген өзбекстандык 450дөн ашык атуулдун жагдайы бир ыктай чечиле элек. Кыргызстан тараптын аларга карата айрым аракеттерин эл аралык уюмдар кескин сынга алып жатышат. Өзбекстандан баш паанек издеп келгендерге байланыштуу «Азаттыктын» суроолоруна тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева жооп берди.

- Роза айым, өткөн жумада БУУнун Жогорку Комиссарынын орун басары Моржане мырза келип, бир топ маселелерди талкууладыңыздар эле. Ушу бир жумадан бери Өзбекстандан ооп келген адамдарга байланыштуу кандай жаңы жагдайлар, тыянактар пайда болду?

- Биз азыр интервьюларды өткөрүп жатабыз, Шорбулак деген качкындар лагеринде. Мен ушу жерде бир тактап коеюн дедим эле: Өзбекстандан келген атуулдар баш паанек издеп жаткан адамдар деген макам алышкан. Азыр 426 адам бар. Алардын ичинен 200 адамды биз интервьюдан өткөрдүк. Оштогу СИЗОдогу 29 адам да дагы эле интервьюдан өтүп атышат. Себеби, Өзбекстандын прокуратурасы аларды кылмышкер деп аныкташкан. Биз качкын деген макам беребизби же бербейбизби, бардык аракеттерди бүтүрүп, жыйынтыктагандан кийин чечебиз. Али бул маселе чечиле элек.

- Бул иш канча убакытты талап кылат?

- Биз тездетип атабыз. Миграциялык депртаменттин он чакты кызматкери ошол жерде иштеп атышат. Жалаң өзбекче сүйлөгөндөр менен да атайын котормочулар иштеп атышат. Булардан тышкары Кыргызстан да кол койгон Улуттар уюмунун Качкындар жөнүндөгү 1951-жылкы Конвенциясы бар. Ушул Конвенцияны биз кандай аткарып жатканыбызга байкоо салып Качкындар боюнча Комиссардын бир топ өкүлдөрү да жүрүшөт. Демек, баарыбыз бирге ушул ишти жасап атабыз. Менин оюмча дагы 200дөн ашык адам калды лагерде. Алардын ишин бүтүргөнгө дагы кеминде бир ай керек болот го.

- Ошол баш паанек издеп келгендер боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын баштоо жөнүндө Өзбекстан сунуш берди деп уктук эле. Бул маселе кантип атат?

- Биз азыр бул маселени изилдеп атабыз. Өз ара эки министрлик сүйлөшүүдө. Аны дагы аныктайбыз. Азыр алдыдагы эң эле негизги жолугушуубуз (ал жерде да бул маселелер сөзсүз козголот) – бул Шанхай Кызматташтык уюмунун саммити. Президенттердин жолугушуусу Астанада 5-июлда өтөт. Ошо жерде Өзбекстандан келген качкындар эле эмес, жалпы Орто Азиядагы коопсуздук абал каралат.

- Кечээ ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясы 14-сессиясына чогулбадыбы. Ошол жерде төрт атуулду Өзбекстанга өткөрүп берүү маселеси да козголуп, бул Башкы прокурордун жеке демилгеси катары белгиленген экен…

- Биздин Башкы прокурордун төрт кишинин кеткенине эч кандай тиешеси жок. Бул төрт кишинин кетиши боюнча кылмыш иши козголгон. Анын тыянагы кимдин жооптуу экенин далилдейт. Албетте, төрт адамдын кетиши боюнча Кыргызстан өтө чоң сынга кабылды. Айтпаган киши калган жок. Бул жөнүндө Эл аралык уюмдар, Америка, Европа өлкөлөрүндөгү көп белгилүү саясатчылар айтышты. Бул биздин аброюбузга абдан чоң доо кетирди. Ошондуктан, биз бул маселени мындан ары абдан кылдат чечүү аракетин жасап жатабыз. Бир жагынан биздин эл аралык милдеттенмелерибиз бар. Конвенцияга кол койгонбуз. Экинчи жагынан Өзбекстан боордош эл, кошунабыз. Булар менен биздин КМШ алкагында, төрт өлкөнүн ортосунда келишимибиз бар. Ал келишимдерде деле кылмышкерлерди берип жиберген шартта адам укуктары тебеленбесин деп жазылган болчу.

Биздин алдыбызда дагы бир чоң Конвенция турат. Бул кыйноолор жөнүндө. Ал дүйнөлүк документ, ага ылайык кайсы бир өлкөдө кыйноолор жасалып атса, ага өткөрүп берүүгө уруксат жок. Эл аралык уюмдар, батыш өлкөлөрү бул боюнча маселени катуу коюп атышат, ошондой практика бар, демек, бере албайсыңар деп. Ошондуктан, биз баарын таразалап атабыз. Биз ошонун баарын эске алып, сабырдуулук менен акыйкат, улуттук кызыкчылыкты жактай турган, туура чечим кабыл алышыбыз керек болуп атат.

- Үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүү маселесин Качкындар комиссарлыгы менен акылдаштыңарбы? Себеби, эгер маалымат каражаттары туура жазып аткан болсо, кечээ Женевада ушул маселени Моржане мырза бир топ өлкө өкүлдөрү менен талкуулаган экен. Муну чукул талкуу деп жазып атышат. Ал жерде баш паанек сурап келгендерге Кыргызстан кепилдик бере албайт деген көз караштар айтылып атат. Буга кандай карайсыз?

- Мына өткөн жумада Кыргызстанга эки чоң өкүл келип кетти. Бул – Кофи Аннандын атынан жогорку өкүл Кемал Моржане. Андан тышкары Меттисон Майкл деген, Еврокомиссиясынын Жогорку Комиссары Хавьер Солананын жеке өкүлү. Экөө тең президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев менен жолугушту, экөө тең лагерге барып келишти. Пресс-конференция беришти. Булардын, өзгөчө Европа өлкөлөрүнүн, аларга Америка, Австралия кошулуп атат, булардын баарынын көз караштары боюнча берилбеши керек. Бул - Кыргызстан бербесин деп суранып атканы. Мен жана баса айтып, белгилеп кеттим, бизге чоң доо коюп атышат: төрттү бердиңер эле, бул алардын өмүрлөрүнө коркунучтуу, бизди киргизбей атышат, жолотпой атышат, алардын акыбалын биле албай атабыз, эмне болуп атат деп. Ал бир жагынан. Экинчи жагынан, азыр берсеңер дүйнөлүк коомчулук кескин сынга алат деп атышат. Жанагы өзүң айтып кеткендей, тиякка баарын алып кетебиз деген булардын бир варианты бар. Биз алар үчүн чече албайбыз. Бул жерде калып калышат деп да айта албайбыз. Жакынкы убакта баш паанек сурагандарга байланышкан маселени бир ыктай чечүүгө мажбурбуз. Анткени, кышка баратабыз. Үч-төрт айдан кийин суук келет. Биз өз процедурабызды өткөрүп атабыз. Бул биздин мыйзам ченемдүү ишибиз. 17-июнда Жогорку Кеңеш бул маселени карап, Өзбекстандан келгендерге качкын деген макам берип, алардын камын көрүш керек деген чечим чыгарган. Биз ушул чечимден тышкары чыкпай, колдон келген аракетти жасап жатабыз. Азыр шайлоонун алдында турабыз. Биз үчүн да оор акыбал болуп атат. Оңой эмес. Ошондуктан, биз бардык тарапты эсепке алып туруп, улуттук кызыкчылыгыбызды карап, чечим кабыл алабыз деп турабыз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG