Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

А. Бекназаров: “Рыспек эле эмес, бир топ адамдар суракка келди”


БИШКЕК. Рыспек Акматбаев өндүү мурда издөөдө жүргөн адамдар Башкы прокуратурага өз эрки менен суракка келип жатышат. Бул тууралуу Башкы прокурор Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” жекшембиде билдирди. Анын айтымында, буга чейин издөөдө жүрүп чуулгандуу кылмыш иштерге тиешеси бар делген бир топ адамдар суракка келишүүдө. Бирок алар тууралуу кенен айтуудан баш тартты:

-Рыспек эле эмес, Пак дагы, башкасы да келип сурак берип атышат. Бирок алар тууралуу мен азырынча айтпайм. Алар прокуратурага келгенде ушундай сүйлөшкөнбүз, коомчулукка жарыя кылбайбыз. Жигиттик сөздү бузбайм.

Ушул аптада “Дело” № гезити Рыспек Акматбаев Жогорку Кеңештеги депутат инисинин коштоосунда Башкы прокуратурага келип, сурак берди деп жазып чыккан. Буга чейин Азимбек Бекназаров журналисттерге “Рентонгрупптун” жетекчиси Эдуард Пак жана бир канча жылдардан бери издөөдө жүргөн Шалкар Жайсаңбаев сурак берүү ниеттерин билдирип жатышат деп айткан.

XS
SM
MD
LG