Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:10

Өзбекстандык бозгундардын жарымы көрсөтмө берди


БИШКЕК. Бириккен улуттар уюмунун Качкындар боюнча башкы комиссариаты өңдүү айрым эл аралык уюмдардын катышуусунда Жалалабад облусунун аймагындагы өзбекстандык качкындардын ар бирин сурап-билүү иштери жүргүзүлүүдө. Азыр алардын жарымы көрсөтмө берип болуп калды, калган 200дөй адамдын пикирин билүүгө бир айдай убакыт керек. “Атуулдук коом коррупцияга каршы бейөкмөт уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова дүйшөмбү күнү Жалалабад облусуна жөнөйт. Ал түштүк дубандардагы бейөкмөт уюмдар менен бирдикте жергиликтүү калк арасында качкындар туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жергиликтүү бийлик менен бул маселеде эл аралык нормаларды сактоо багытында иштерди жүргүзөөрүн билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG