Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

БАТКЕН: КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНДА КЫРДААЛ КООПТУУ


Сабыр Абдымомунов, Баткен Сонку күндөрдө Баткен облусу менен Тажикстандын Согду облусунун чектеш аймактарында кошуна эки элдин ортосундагы жер талаш күчөп, кайрадан курч кырдаал түзүлдү. Буга чек аралардын ушул күнго дейре такталбай жатышы негизги себеп болууда.

Баткен районунун Тажикстанга чектеш Аксай айыл өкмөтүнө караштуу Чекдөбө конушунун тургундары менен кошуна тажик айылынын жашоочуларынын ортосунда жер талаштан улам дагы чыр чыкты. Аталган айылдын тургундары тажик атуулдары тараптан кысымга, ар кандай коркутууларга тушугушууда.

Чекдөбөлүк Айзада Хамданова тажик атуулдары келип көчүп кетүү үчүн бир жума убакыт берип кеткенине мындайча токтолот:

- Тажиктер келип коркутат: “Силер кеткиле, бир жума убакыт беребиз, кеткиле, кетпесеңер өлтүрөбүз!”- деп коркутуп жатат. Кетиштен да коркуп жатабыз, үй-жайыбызды өрттөп ийеби деп.

Ошол эле учурда жаздын келиши менен кыргыз конушуна аралашып, жаныдан уй салып жашап жаткан тажик атуулу Бафо Абдурахманов канчалык күнөөлөсө да бул жерден кетпесин айтып, мындай дейт:

- Бизге чек араны көрсөткүлө, кана картаңар? Чек араны биз дагы далилдей албайбыз, силер да көрсөтө албайсыңар.

Ишемби күнү Чекдөбө айылына облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев, Баткендеги чегара бөлүгүнүн башчысы Чолпон Буржуев, ички иштер жана улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү барышты. Топту баштап барган облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев мындай талаштуу жерлер облус боюнча көп экенин, мунун үстүнөн чек ара маселелерин тактоо боюнча өкмөт аралык комиссия жана депутаттык топ иштеп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Ал эми чегара бөлүгүнүн башчысы Чолпон Буржуев качан гана чегара такталып эки тарап тең кол койушкандан кийин гана биз аралаша алабыз деген пикирин айтты.

Талаштуу делген жерге үй салып, жайкысын эс алууга келген, Хожент шаарындагы “Вароруд” маалымат агенттигинин башкы редактору Нигматулло Мирсаидов эзелтен бери эле бул жерде эки эл чогуу жашап келишкен, акыркы жылдардагы чегара көзөмөлүнүн күчөтүлүшү чыр-чатакты жандандырууга негиз болуп жатат деген ойдо:

- Аскер кийимчен адамдар бул жерде жүрбөш керек. Неге дегенде бул жерлер такталып бүтмөйүнчө бул жер эчкимге таандык эмес. Бул жерди тажиктер да, кыргыздар да бирдей эле ээлеп алышкан. Бул маселени жергиликтүү бийликтердин деңгээлинде эле чечип коюш керек.

Деген менен чек аралар чырмалышкан бул аймакты байырлаган эки эл тең бир пикирге келише албай, ортодогу келишпестик күчөп бараткандай. Эки тараптын эли тең ортодо тирешүү күчөп, эзелтен кошуна жашаган эл бүгүн бири-бирине тиш кайрап, “таш койсо таш коебуз, аш койсо аш коебуз” деп турушканын айтышууда.

Бул маселе боюнча жергиликтүү бийликтердин эки тараптуу жолугушуусу болсо 5-июлга калтырылды.

XS
SM
MD
LG