Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

АСТАНАДА ШКУнун САММИТИ БАШТАЛДЫ


5-июлда Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жолугушуусу башталды. Ага Кыргызстандан президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев катышууда.

Кыргыз делегациясы Казакстандын борбору Астана шаарына 5-июлда эртең менен келди. “Акордо” сарайында Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин жолугушуусу болот. Анын соңунда жыйынтыктоочу документтерге кол коюлмакчы.

Түштөн кийин Кыргызстандын президенттинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин адегенде Өзбекстан президенти Ислам Каримов, андан кийин Россия президенти Владимир Путин, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен көзмө-көз жолугушуусу, Кытай эл республикасынын төрагасы Ху Цзинтао менен жарым сааттык сүйлөшүү өткөрүүсү белгиленген.

Уюмга кирген өлкөлөрдүн президенттери талкуулай турган маселелер тууралуу президенттин милдетин аткаруучунун басма сөз катчысы Авазбек Атаханов буларды билдирди:

- Бул уюмдун өнүгүү концепциясы бекитилет. Анда террор, жикчилдик жана экстремизмге каршы күрөшүүгө басым жасалат. Андан сырткары, ШКУнун туруктуу иштеген органдарынын жобосу бекитилет. Мындан башка антитеррордук түзүмдүн иши тууралуу маалымат угулуп, тийиштүү чечим кабыл алынат. Жыйында Пакистан, Иран жана Индияны уюмга байкоочу катары кабыл алуу маселеси да каралат.

Авазбек Атахановдун айтымында, Өзбекстан президенти Ислам Каримов менен Курманбек Бакиевдин көзмө-көз жолугушуусунда Кыргызстандагы өзбек качкындары жөнүндө маселе көтөрүлүшү ыктымал:

- Менин оюмча, албетте, бул эки мамлекеттин ортосундагы негизги маселе болуп жаткан проблема. Ошондуктан ал сөзсүз түрдө көтөрүлөт. Бирок биздин тиешелүү министрликтер, мекемелер эл аралык уюмдардын катышуусу менен анын үстүнөн иштеп келатат. Бул маселе боюнча буга чейин деле байланыштар болуп келген. Демек бул маселе үстүрттөн эле козголот.

КМШ өлкөлөрүндө акыркы кезде орун алган ыңкылаптарды дал ушул Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөр кескин сындап келатканы белгилүү. Анжиян окуясынан кийин Өзбекстан президенти Ислам Каримов адегенде Кытайга барып, анын башчысы Ху Цзинтао, андан кийин Москвада орус президенти Владимир Путинден колдоо тапкан. Ошондуктан ыңкылапчыл өлкөлөр катарына кирген Кыргызстанга Астана жыйынында жеңил болбойт дейт Жогорку Кеңештин эл аралык байланыштар комитетинин мурунку төрагасы Алишер Абдымомунов:

- Албетте, Кыргызстанга кыйын болот. Акыркы сөздөргө караганда, булар Кыргызстанда элдин өзүнүн көтөрүлүп, өзүнүн боштондугун камсыз кылганын жокко чыгарып, ыңкылапты талап-тоноочулар, диний жикчилдер жасады деген сөздү күчөтүшүүдө. Элдик ыңкылап деген түшүнүктөрдү жок кылуу аракети жасалууда.

Шанхай кызматташуу уюмунун мамлекет жетекчилеринин саммити 6-июлда соңуна чыгат. Маалым болгондой уюмга Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Уюм өзү болсо 2001-жылы 15-июнда түзүлгөн. 2004-жылдан бери ШКУнун катчылыгы Пекинде, ал эми регионалдык антитеррордук структурасы Ташкентте иштеп жатат.

Белгилей кетүүчү нерсе, Шанхай уюмуна кирген өлкөлөрдүн башчыларын Астанага чогултуп жаткан Нурсултан Назарбаев 6-июлда 65ке чыгат. Ошондуктан президенттер регионалдык, дүйнөлүк кызматташуу маселесин талкуулоо менен катар, Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен да куттукташмакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG