Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

КАЧКЫНДАР МАСЕЛЕСИ КЫРГЫЗСТАНДЫ АРА ЖОЛДО КАЛТЫРДЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев өзбекстандык бозгундардын арасынан киши өлтүргөндөрүн жана террорчулукка тиешеси барларын Өзбекстанга өткөрүп беребиз деп билдирди. Атуулдук коом өкүлдөрү болсо өзбек бийлиги кылмышкер деп санагандары да үчүнчү өлкөгө жөнөтүлгөнү эл аралык нормага ылайык болот деп жатышат. Саясий талдоочулардын баамында, Кыргызстан өзбек качкындардын тагдырына келгенде эки оттун ортосунда калды.

Курманбек Бакиев буга чейин качкындар боюнча позициясын коомчулукка ачык айта элек болчу. Таласта шайлоочулар менен 3-июлда жолугушуп жатып, өзбекстандык бозгундардын тагдырына токтолду. Президенттин милдетин аткаруучунун пикиринде, кылмыш кылгандарын Өзбекстанга өткөрүү керек. Кылмышкер түрмөдө отурушу керек деди Бакиев:

- Киши өлтүргөндөрдү жана террорчулукка тиешеси барларын Өзбекстанга өткөрүп беришибиз керек. Кылмыш жасагандар түрмөдө олтурушу керек. Ал эми калгандарын өзбек бийлигине өткөрө албайбыз. Кыргызстан эл аралык коомчулук алдында алган милдеттерин аткарышы керек.

Курманбек Бакиевдин пикиринде, азыр эл арасында өзбек качкындары Кыргызстанда биротоло отурукташып калат деген чочулоолор негизсиз. Анын айтымында, алар өз эрки менен мекенине кайтышы ыктымал же үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүлөт.

Учурда Кыргызстанда 426 өзбек бозгуну баш калкалап турат. Алардын 29у Өзбекстандын атайын кызматтары берген маалыматка ылайык, кылмышкер катары Ош тергөө абагында кармалууда. Кыргызстандын Башкы прокурору Азимбек Бекназаров 29 качкын Өзбекстанга өткөрүлүп берилет деп кесе айтканы бар.

Бирок атуулдук коом өкүлдөрү Кыргызстан эми бир эле адамды өткөрсө эл аралык коомчулук алдында абройу кетет деп коңгуроо кагып жатышат. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов эл аралык нормаларга ылайык кылмыш кылды деген адамдар дагы үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүлүшү керек деп санайт. Анын айтымында, азыр кыргыз бийлиги Өзбекстанга кылчактабай, эл аралык коомчулук алдындагы милдеттерин аткарганы оң:

- Өзбекстан кыргыз бийлиги канча жагынса да тойбойт. Бешти өткөрүп беребизби же жүздү өткөрүп беребизби, баары бир өзбек бийлигинин мамилеси өзгөрбөйт. Кыргызстан бозгундарды кабыл алганы үчүн Каримов кечирбейт. Ошондуктан азыр Өзбекстан эмне дейт деп кылчакташтын кажети да жок.

Ыңкылаптан кийинки Кыргызстан бул бозгундардын келиши менен татаал кырдаалга кептелгенин талдоочулар баса белгилеп жатышат. Экономикалык жагынан кайсы бир деңгээлде Өзбекстанга да көз каранды, ошол эле учурда эл аралык жардамга муктаж Кыргызстан өтө этият болушу керек. Саясат таануучу Токтогул Какчекеев азыр кыргыз бийлиги эки ажырым жолдо турат дейт:

- Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында террорчулукка каршы биргелешип курөшүү боюнча кол коюлган келишимдер бар. Ага ылайык кылмыш жасаган качкындарды кыргыз бийлиги бериши керек. Төрт качкынды өткөрүп берип коюп, Кыргызстан азыр БУУнун алдында туруксуздугун көрсөтүп койгондой ыңгайсыз абалда турат. Эл аралык Конвенциялардын талаптарын аткарганда Өзбекстандын жинине тийебиз. Өзбек бийлиги бизге газ бербей, экономикалык жактан башка да тоскоолдуктарды кылып жүдөтүшү ыктымал.

Айрым байкоочулар Кыргызстан бул маселени президенттик шайлоодон кийин чечет, бирок Өзбекстан бийлигинин сунуштарын да эске албай койо албайт деген пикирлерин айтышууда.
XS
SM
MD
LG