Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:55

Кыргызстан элдери ассамблеясы калкты добуш берүүгө чакырды


БИШКЕК. Март ыңкылабынан кийин бийликке келген жаңы өкмөт өлкөдө саясий туруктуулукту камсыз кылып, атуулдардын президенттик шайлоого катышуусуна жетишээрлик шарт түзүүдө. Мындай мазмундагы билдирүүнү Кыргызстан элдери ассамблеясы 4-июлда таратты. Ошондой эле билдирүүдө соңку мезгилдери өлкөдө айрым бир саясий күчтөр президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратып, март ыңкылабынын жетишкендиктерин жокко чыгарууга аракет кылып жаткандыгы жазылган. Билдирүү ээлери атуулдарды соңку мезгилдеги ар кандай чакырыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга жана президенттик шайлоого келип, өздөрү каалаган атуулга добуш берүүгө үндөгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG