Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:39

Бакиев Астанада үч президент менен жекеме-жеке сүйлөшөрү күтүлүүдө


БИШКЕК. Шанхай кызматташык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары 5-июлда Астанада жолугушмакчы. Саммитте кызматташтыкты тереңдетүү багыттары талкууланып, эл аралык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болот. Шанхай кызматташтык уюмунун органдарына төрагалык кылуу, уюмдун мамлекет башчылар кеңешинин 2006-жылкы отуруму өтүүчү өлкөнү аныктоо да күн тартибине киргизилген. Астана жолугушуусуна Кыргызстандан президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев баштаган делегация барат. Саммиттин алкагында Курманбек Бакиев менен Орусия президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстан президенти Ислам Каримов менен жекеме-жеке жолугушуулар болмокчу. Мындан тышкары Бакиев баштаган кыргыз делегациясы менен Кытай мамлекет башчысы Ху Цзиньтао да жолугушаары күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG