Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Орусияда 20-25 миң шайлоочу добуш берээри болжолдонууда


БИШКЕК. Орусия аймагында иштеп жүргөн кыргызстандыктар Кыргызстандын президенттик шайлоосуна алгачкы жолу катышуу укугуна ээ болушту. Бул тууралуу «Азаттыктын» кабарчысына Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Апас Жумагулов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандыктардын добуш берүүсү үчүн Орусия аймагында 15 добуш берүү участогу даярдалууда. Бирок бул участоктор эмгек мигранттарынын толук добуш берүүсүн камсыздай албайт. Буга ириде алардын Орусиянын ар тарабында чачыранды жайгашышы себеп болууда.
Кыргыз диаспораларынын «Замандаш» ассоциациясынын божомолунда, президенттик шайлоодо Орусия аймагында 20-25 миң чамалаш кыргызстандык добуш берээри күтүлүүдө. Ал эми Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Евгений Шмагин «Слово Кыргызстана» гезитине берген интервьюсунда Орусия аймагынан Кыргызстан ушунча добуш топтосо, бул өлкө үчүн чоң жетишкендик деп эсептеди. Ал эми Орусиядагы эмгек мигранттарынын саны 300 миң деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG