Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Добуш берүү эки саатка узарды


Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев «Шайлоо Кодексине» кошумча киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымат таратты. Ага ылайык жай мезгилдери добуш берүү мөөнөтү эки саатка узартылат. Башкача айтканда, 10-июлдагы президенттик шайлоодо шайлоочулардын саат 7.00дөн саат 21.00ге чейин добуш берүүгө мүмкүндүгү бар. Мындай мүмкүнчүлүк жай мезгилине белгиленген бардык шайлоо өнөктүктөрүнө берилет. Мыйзамга мындай өзгөртүүнү Жогорку Кеңеш өзүнүн жайкы эс алууга кетер алдындагы акыркы отурумдарынын биринди кабыл алган.

XS
SM
MD
LG