Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:02

Иракта жүздөй козголоңчу кармалды, соңку кол салуулардан үч адам мерт болду


АКШ баштаган коалициялык аскерлер Иракта коопсуздук үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү күчтөргө өткөрүп берүүнү бир жылдын аралыгында баштай алат. Мындай пикирин бүгүн британ коргоо министри Жон Рид билдирди. Ал Би-Би-Сиге берген маегинде АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелддин Иракта козголоңчул кыймыл бир нече жылга созулушу мүмкүн деген жоромолуна кошуларын белгиледи. Мунун аралыгында башкаала Багдадда бүгүн миналанган автоунаанын жарылуусунан эки жөн жай адам каза тапты, түндүктөгү Мосул шаарында Күрд демократиялык партиясынын өкүлү киши колдуу болгон. Ал эми өткөн дем алыш күндөрү Египеттин Ирактагы элчисин уурдап кеткендер азырынча кандайдыр бир байланышка чыгып, өз талаптарын айта элек. АКШ армиясынын билдиргенине караганда, бүгүн алар Ирактын коопсуздук күчтөрү менен биргелешип өткөргөн операция учурунда 100дөй козголоңчу кармалган. Алардын арасында чет элдик деп шектелгендер да бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG