Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:19

Ооганстанда америкалык учактын бомбалоосунан 17 жергиликтүү тургун каза тапты


Бул тууралуу бүгүн Ооганстандын чыгышындагы Кунар провинциясынын губернатору Ассадулла Вафа жарыялады. Губернатордун айтымында, өткөн жума күнкү бомбалоого Чичал деп аталган тоолуу кыштак кабылган. АКШнын аскерлери учурда Кунар провинциясында өткөн аптадан бери дайынсыз жоголгон чалгын тобун издөөдө. Азырынча ал топтун эки жоокери гана аман–эсен табылды. Америкалык командачылык жоголгон аскерлердин так санын жана алар эмне максатта сапарга чыкканы жөнүндө маалымат берген жок. 28-июнь күнү чалгынчыларга жиберилген тик учак жерден атып түшүрүлгөндө америкалык он алты аскер кызматчысы каза тапкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG