Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

Казакстан менен Кытай стратегиялык кызматташтык декларациясына кол коюшту


Эки өлкөнүн мамлекет башчылары Нурсултан Назарбаев менен Ху Цзиньтао Астанада Шанхай Кызматташттык уюмунун 5-июлдагы саммитин утурлай жолугушту. Жолугушуудан кийин өткөн пресс-конференцияда Цзиньтао документке тарыхый деген баа берди. Нурсултан Назарбаев болсо ал кылымдарга мерчемделген келишим экенин белгиледи.

Эки лидер жалпысынан 8 келишимге кол коюшту. Алардын биринде Кытайдын батышы менен Каспийди байланыштырган трансказакстандык темир жол салуу мүмкүнчүлгү каралган. Казак мунайын Кытайга ташуу үчүн эки өлкө 988 километрлик куур куруп жатат. Долбоор 700 миллион долларга бааланууда. Нурсултан Назарбаевтин айтымында курулуш быйыл 16- декабрга карата бүткөрүлөт. Шанхай Кызматташтык уюмунун Астанадагы эртеңки саммитине ага мүчө Кытай, Казактан, Орусия, Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстандын мамлекет башчылары жетектеген делегациялардан тышкары уюмда байкоочулук статусун алууну суранган Иран, Индия, Пакистандын өкүлдөрү да катышат.

XS
SM
MD
LG