Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

АЛГАЧКЫ ТЕЛЕАЙТЫШ: МАКУЛ, КАРШЫ, КАЛЫС


Дүйшөмбү күнү кечинде улуттук телеканал аркылуу президенттикке талапкерлердин алгачкы телеайтышы өттү. Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын жетекчиси Жыпар Жекшеев, бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева экономикалык программалары тууралуу айтып, телекөрүүчүлөрдүн, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Эларалык уюмдардын колдоосу аркылуу улуттук телекөрсөтүүгө чыгарылып аткан алгачкы телеайтышта негизинен экономикалык маселелер, анын ичинде менчиктештирилип кеткен мамлекеттик мүлктү кайра кайтарып алуу зарылбы же жокпу деген суроонун тегерегинде сөз болду.

Президенттикке талапкер Жыпар Жекшеев телеайтышта жалаң эле бир маселенин тегерегинде кеп кылбай, алдыга коюлуп жаткан максат-милдеттер тууралуу кененирээк сөз болсо жакшы эле деген пикирин айтты:

- Албетте, суроолор ар түрдүү болсо, саясий мааниде, экономикалык программа боюнча жана, элдин көйгөйүндө турган маселелерди айтса болмок. Анан берилген суроолор бираз чектелүү болуп калды. Бир гана жеке менчик тууралуу биздин мамилебизди кайра-кайра сурап туруп алышты. Муну мен кичине бир кемчилик катары баалайм. Экинчи жагынан, өзүбүздүн платформабызды, программабызды элге кеңири түшүндүрө албай калдык. Мен үчүн ушул жагы өкүнүчтүү болуп калды. Эмне даярдык менен баратабыз, элге эмне жасап, эмне өзгөртө алабыз? Мына ушул маселе боюнча суроо берилбей калганына мен кичине өкүнүчтө калдым.

«Пирамида» телеканалынын баяндамачысы Кирилл Степанюктун айтымында, менчикти кайра бөлүштүрүүдөн тышкары деле өкмөттүн алдында толгон-токой маселелер турат.

- Телеайтыш мүлктү кайра бөлүштөн ашкан өкмөт үчүн маанилүү биртоп экономикалык маселелер, колду түрүп шымалана иштей турган жумуштар толтура экенин айгине кылды. Азырынча аларды чечүүгө утурумдук өкмөттүн буямасы келбей жатат, талапкерлер болсо аткарабыз деп атышат, аларга ишенип күтө туралы.

Алгачкы телеайтышта козголчу маселелерди бир эле темага байлап койбой, тематикасын кыйла кеңейтүү зарылдыгын экинчи талапкер Токтайым Үмөталиева да ырастады:

- Жалгыз эле бир маселени карабай, эки-үч маселени карап кетсек болмок да. Анткени, кээ бир суроолор кайталанып атты, кайталап жооп берип аттык. Эгерде бири-бирибизге суроолор берип, бат-бат суроо-жооп кылып, бир мүнөттөн убакыт берип турганда жакшы болмок эле деп ойлойм.

Кыргызстандык акционерлердин укугун коргоочу коомдук бирикменин мүчөсү Талант Бекназаров алгачкы телеайтыш дурус өттү деген пикирде.

- Азыркы теледебат абдан жакшы өттү.

Телеайтыш көрсөтүүсүнүн катышуучусу Лариса Мосевнина талапкерлер биртоп суроолорго так жооп бере албады, дейт:

- Телеайтыш дурус эле өттү. Бирок да биздин айрым суроолорубузду мурда укпагандыктан талапкерлер так жооп бере алышпады.

Баш-аягы бир жарым саатка созулган телеайтышка чыккан президенттик талапкерлерге мыйзам тартибинде 25 мүнөт гана убакыт берилди. Убакыттын кыйласы талапкерлердин программасын жарыя кылууга эмес, телекөрүүчүлөрдүн кайталанма суроолоруна берилчү жоопторго кетти. Көптөгөн телекөрүүчүлөрдүн пикиринде, телеайтыш суроо-жооп жүргүзүп аткандарды кыскалыкка, тактыкка чакырган ачык сыноо болуп калды.

XS
SM
MD
LG