Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:23

Аба ырайы


БИШКЕК. Синоптиктердин айтымында, 6-июлда Кыргызстанда аба ырайында өзгөрүүлөр болбойт. Айрым аймактарда абанын температурасы 39 градуска чейин көтөрүлөт. Батыш тараптан айдарым жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17...+20, күндүз +33...+38 градус ысык.
Ысыккөл аймагында түнкүсүн +10...+15, күндүз +23...+28 градус.
Таласта түнкүсүн +14...+19, күндүз +32...+37 градус ысык болот.
Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +34...+39.
Нарында түнкүсүн +8...+13, күндүз +23...+28 градус.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +18...+20, күндүз +35...+37 градус.

Кабарлар топтомун Чолпон Орозобекова, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG