Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:18

А. Артыков президенттин өкүлүн сынга алды


ОШ. Облус губеранторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыковдун айтымында, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү деген кызмат Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган эмес жана бул кызмат президенттин чечими менен март окуяларынан кийин аймактагы саясий кырдаалды стабилдештирүү максатында гана убактылуу түзүлгөн. Өз сөзүндө Анвар Артыков президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү Алмамбет Матубраимов кызмат абалына тоскоолдук кылып жатканын билдирди. Анын пикиринде, Алмамбет Матубраимов тарабынан облустук деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин арасында губернатордун милдетин аткарган адамды укпагыла деген ушак сөздөр таркатылган. Ал эми президенттин түштүк аймагы боюнча өкүлү Алмамбет Матубраимов “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда Ош облустук мамлекеттик администрация жетекчилиги менен болгон карама-каршылыктын себептерин “аксарай оюндары” катары баалап, губернатордун милдетин аткаруучу Анвар Артыковдун ага карата айткан айыптоолорун негизсиз деп билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG