Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:35

Шайлоо өнөктүгүндө улгайган адамдар куралга айланууда


БИШКЕК. Президенттик шайлоодо шайлоочулардын, айрыкча кары-картаңдардын добуш берүүгө келбей калуу коркунучу бар. Мындай билдирүүнү “Улгайган адамдардын кошууну” аттуу бейөкмөт уюм жасады. Уюмдун лидери Валентина Житенеованын пикиринде, азыр добуш сатып алуу жана талапкерлердин баарына каршы добуш бердиртүү аракеттеринде кары-картаңдар курал болуу коркунучу бар. Улгайган адамдар биримдиги “АКИ-пресс” агентигинде маалымат жыйын өткөрүп, өлкөдөгү бардык улгайган адамдарды 10-июль күнү добуш берүүгө чакырды. “Өз добушуңар менен тандап албасаңар, уттурасыңар” деп жазылат билдирүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG