Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Издөө салынган Адил Тойгонбаев табыла элек


БИШКЕК. “Айдар Акаев азыр Москвада, ушул оор күндөрдө атасын таштап кете албайт” дейт, экс-президент Акаевдин адвокаты Максим Максимович. Адвокаттын айтымында, экс-президенттин күйөө баласы Адил Тойгонбаев да Орусияда, бирок кайсы шаарда экенин тактаган жок. Максим Максимовичтин пикиринде, бир да мыйзам президенттин балдарына ишкерлик менен алектенип, менчикке ээ болуусуна тыюу салбайт. Мамлекеттик комиссия өз докладында Айдар Акаев жана Адил Тойгонбаевге тиешелүү кыймылсыз мүлктөрдүн тизмесин жарыялаган. Башкы прокуратура тарабынан Айдар Акаевге козголуп аткан төрт кылмыш иштин бири бирөөнүн мүлкүн тартып алуу боюнча. Башкы прокурор Азимбек Бекназаров билдиргенге караганда, Адил Тойгонбаевди издөө иштери боюнча Орусия менен Казакстандын прокуратурасына жардам сурап кайрылышкан. Бирок азырынча алар тараптан жардам боло элек.

XS
SM
MD
LG