Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Акаевдин адвокаты комиссиянын доклады менен макул эмес


БИШКЕК. Экс-президент Аскар Акаевдин адвокаты Максим Максимович Аскар Акаев жана анын үй-бүлөсүнүн мүлкүн иликтөө үчүн мамлекеттик комиссиянын түзүлүшү Конституцияга каршы келгендиктен эл аралык соттордо териштирилчү маселе деп санайт. Максим Максимович бул комиссиянын иши алар күткөндөй натыйжа берген жок деп билдирди. “Аскар Акаевден да, анын бала-чакасынан да комиссия убада кылып аткан миллиарддарды, тонналаган алтындарды тапкан жок” дейт адвокат. Анын пикиринде, бул комиссиянын курамына атайын экс- президентке ар кандай себептер менен жеке таарынычтары бар адамдар тандалган. Адвокаттын бул маалымат жыйынынан кийин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозбек Дүйшеев адвокат экс-президенттен алган каражатын актап атат деген оюн билдирди. Анын пикиринде, Аскар Акаевдин үй-бүлөсү жана тууган-туушкандары мамлекеттик мүлктү чекесинен өздөрүнө ыйгаруусунан улам 24-марттагы окуя болду. Жогорку Кеңештин спикери Өмүрбек Текебаев билдиргенге караганда, Аскар Акаев Кыргызстанга кайтып келиши ыктымал, бирок ал өлкөдө саясатка аралаша албайт.

XS
SM
MD
LG