Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:07

Индияда индустардын ыйык жерине кол салынды


Индиянын Айодха шаарында индустардын ыйык жерине кол салуу болду. Атышууларда кол салгандардын бешөөсү жок кылынган, дагы бирөөсү өзүн өзү жардырып жиберген. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, азыр ал диний жайды коопсуздук күчтөрү көзмөлдөп турушат. Атышуу учурунда ошондой эле полициянын үч өкүлү да жаракат алганы кабарланды. Кол салуу үчүн кайсыл топ жоопкер экени азырынча белгисиз.

Айодха шаары - мусулмандар менен индустар ортосунда кандуу кагылыштар орун алып келе жаткан жер. Мындан 13 жыл мурда ошол ыйык жайдын аймагындагы байыркы мечитти индустар талкалан жиберишкен эле. Ошондон тарта бул жерде мусулмандар менен индустар ортосунда кагылышуулар болуп турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG