Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

Дагестанда чоң жардыруу болду


Дагестандын борбору Макхачкалада милиция бекетинде болгон бүгүнкү жарылуудан кеминде эки милиция кызматкри мерт болду. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, жарылуудан милициянын дагы бир кызматкери жана бир адам жаракат алган. Мунун алдында коопсуздук кызматкери шаар борборуна коюлган бир бомбаны зыянсыздырганы кабарланган. Кечээ Дагестан парламентин депутаты Зубайир Татаевди Чеченстан менен чек арадан белгисиз адамдар атып кетишкен эле. Өткөн аптада болсо Махачкаладагы жардырууда орусиялык 10 жоокер өлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG