Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:25

СЕЙРЕК КЕЗДЕШҮҮЧҮ ДАРЫ ЧӨПТӨР КАРООСУЗ КАЛДЫ


Кыргызстанда дүйнөдө сейрек кездешүүчү 3 миңге чукул дары чөптөрдүн түрү бар. Учурда мамлекет тарабынан көзөмөлдүн жоктугунан айрым сейрек кездешүүчү дары чөптөргө адамдардын айоосуз мамилесинен алардын түрү жоголуп кетүү коркунучунда. Адистердин айтымында, мамлекет тарабынан дары чөптөрдү кайрадан иштетүүчү ишкана ачылса киреше берүүчү тармакка айланышы ыктымал.

Кыргызстан климаттык шартына ылайык дүйнөдө сейрек кездешүүчү дары чөптөргө бай. Совет биримдиги кезинде ар кайсы район, облустарда Саламаттык сактоо министрлигинин атайын дары чөптөрдү жыйнап, чогултуучу бөлүмдөрү бар болуучу. Эгемендүүлүк алгандан кийинки жылдары ал бөлүмдөр тиешелүү министрлик тарабынан кароосуз калып, дары чөптөргө көзөмөл кылынбай калган.

Өлкө аймагындагы сейрек кездешүүчү дары чөптөрдүн түрлөрү жана анын денсоолукка тийгизген пайдалуу жактары тууралуу Аламүдүн районундагы Таш дөбө айылындагы Калыбына келтирүү, дарылоо жана курорталогия илимий изилдөө институтунун директору, медицина илимдеринин доктору Махмуд Султанмуратов буларга токтолду:

- Кыргызстандын аймагында бийик тоолу шартта өскөн дары чөптөр бар. Андан сырткары орто бийиктикте жана талаанын шартында өскөн чөптөр болуп бөлүнөт. Мисалы үчүн ”Эдельвейс” (Мамыры) деген чөп деңиз деңгээлинен эки жарым, үч миң метрден ашуун бийиктикте өсөт. Мына ошол чөптү Нарын облусундагы Эки Нарын деген жерде шырдактай болуп жыш өскөнүн көрдүм. Ал чөп көптөгөн ооруларды сакайтканга жарайт. Жаңы өскөндөн баштап, куураганга чейин үч технологиясы болот. Ал эми мумия дагы бийик тоо кыркаларында табылуучу зат. Анын составында не бир укмуш микроэлементтер бар. Аны сөөктүн сыныгына, ашказандын жарасына пайдаланса миңдин бири. Ошондой эле бизде онкологиялык ооруларга каршы колдонуучу уулу дары чөптөр бар. Мисалы үчүн, “Ысыккөл тамыры” деген уулу чөптү убагында чогултуп, атайын ыкма менен кургатып, өлчөм менен колдонсо ден соолукка пайдалуу. Көпчүлүк учурда айрым адамдар туура эмес пайдаланып, уулугуп өлгөн фактылар да кездешет.

Ал ошондой эле Ак кодол, Уу коргошун, Аркар от жана башка көптөгөн чөптөрдүн тамырынын дарылык касиеттерине токтолду. Анын айтымында, учурда дары чөптөргө мамлекет тарабынан көзөмөлдүн жоктугунан көптөгөн сейрек кездешүүчү дары чөптөр жоголуп кетүү коркунучунда. Эгерде мамлекет дары чөптөрдү чогултуу үчүн атайын мекеме ачып, аны кайра иштетүүчү кичи завод курса, табийгый дары чөптөр акчалай пайда алып келүүчү тармакка айланмак.

- Учурда “жапайы жол” менен көптөгөн адамдар тоо-талаадан дары чөптөрдү чогултууга чыгууда. Алар мезгилине жараша чогултуу керекби, анын пайдасы барбы аны менен эсептешпейт. Туш келди жулушуп, тамырына доо кетирип айоосуз мамиле кылышат. Эртең ал чөп өсөбү, өспөйбү кызыгып коюшпайт. Айрым дары чөптөр түп орду менен жоголуп кетүү коркунучуна келип жетти. Ошондуктан мамлекет тарабынан атайын программа кабыл алып, дары чөптөрдү чогултуучу атайын мекеме ачып, аны кайра иштетүүчү кичи-завод ачса өлкөнүн экономикасына пайда алып келүүчү тармак болмок. Бир киллограмм дары чөптүн баасы 100 долларга бааланат.

Ал эми базарларда жана Бишкектин айрым жерлеринде дары чөптөрдү сатып отургандарга бийик тоолордон атайын адамдар дары чөптөрдү терип келишет экен. Алар мындай жол менен күнүмдүк тирлигине каражат табууну көздөшөт.
XS
SM
MD
LG