Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

КАРЫЛАР ЖАНА ШАЙЛОО


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстанда пенсия курагындагы адамдардын саны жыл сайын азайууда. 2000-жылы алардын саны 700 миң болсо, учурда 500 миңдей пенсионер бар. Дегеле улуу муундагылар шайлоого жигердүү катышканы менен белгилүү. Таң эрте биринчилерден болуп добуш бергендер да негизинен улгайган адамдар.

Пенсионерлер алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу ар кандай көз карашта экен. Алардын айрымдары бул жолку шайлоодо административдик ресурстун пайдаланылып жатканын байкаган жокпуз дешти.

Кыргызстан пенсионерлеринин волонтерлор кыймылынын өкүлү Валентина Кубатина буга байланыштуу мындай дейт:

- Мурда түнкү саат бирге чейин тиги же бул талапкерге добушуңду бер деп журүшчү. Азыр андай жок. Эч ким азыр акча, май алып келген жери жок. Мага азыркы шайлоо өнөктүгү жагып турат. Ар бир шайлоочу өзү каалаган талапкерди тандап, добушун бере алат

Валентина Кубатинанын сөзүнө пенсионер Виктор Самохвалов буларды кошумчалады:

- Бул шайлоо мурдагыдан өтө кескин айырмаланып жатат. Анткени, мурдагы шайлоо учурунда президенттик администрациядан тарта төмөнкү жергиликтүү бийликке чейин тигил же бул талапкерди колдоо боюнча көрсөтмө берилчү. Шайлоочулар аз келсе деле, керектүү пайызды көрсөтүп коюшчу. Ал эми бул ирет чындыгында шайлоочулардын 50 пайызынан ашыгы барат деп ойлойм.

Кыргызстандагы «Ак ниет күчтөрдүн биримдиги» уюмунун төрайымы Валентина Житинева белгилегендей, шайлоонун өтүшү пенсионерлердин да катышуусуна байланыштуу болот:

- Азыр Кыргызстанда ар бир бешинчи шайлоочу – пенсия курагындагы адамдар. Өлкөдө баары биригип 2,5 миллионго жакын шайлоочу бар. Анын 500 миңи –пенсия курагындагылар. Эгерде биз баарыбыз ынтымактыкта шайлоого катышып, добушубузду берсек, шайлоо өтөт.

Пенсия курагындагылар Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун тандеми президенттик шайлоо алдындагы кандайдыр бир чоң чыр-чатактарды алдын алган фактор катары баалашууда. Эл акыны Майрам Абылкасымова буга байланыштуу мындай дейт:

Менин пикиримде, Бакиев-Кулов тандеми кандайдыр бир чыр-чатактардын алдын алып койду. Ушул эки саясатчы бир пикирге келип, биргелешип иштей тургандыктары жөнүндө жарыялагандан кийин, бизде түштүк-түндүк маселесине чекит коюлуп калды окшойт.

Ал эми айрым пенсионерлер Бакиев-Кулов ынтымагына карабай шайлоонун өтүшүнө тоскоолдуктар болушу ыктымал деп чочулашат. Чүй районунун тургуну, пенсионер Вера Таранникова бул жөнүндө пикирин төмонкүчө билдирди:

- 10-июлда проблемалар пайда болушу мүмкүн. Биз ошондон кооптонуп жатабыз. Баарына каршы добуш бергиле деп үгүттөгөн топтор иштейт. Биз ошол үчүнчү күчтөрдөн кооптонуп жатабыз.

Улгайган адамдар ошондой эле алдыдагы президенттик шайлоодо ким жеңип чыкпасын, өлкөнүн мурдагы жетекчилиги кетирген кемчиликтерден тиешелүү сабак алып, элди-жерди ойлогон журт башчыларынан болушуна ишеничтерин билдиришүүдө. Буга байланыштуу эл акыны Омор Султанов мындай пикирин айтты

- Эми ким шайланса да, мурдагы өлкө башчысынын кылган катачылыктарын кайталабайт ко дейм. Анткени, көрүп калды, эмне жакшы, эмне жаман экенин. Элге-журтка уят кылган өлкө башчы болбойт деп ишенемин.

XS
SM
MD
LG