Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:16

12 качкын жакынкы күндөрү Өзбекстанга берилиши ыктымал


БИШКЕК. Ош тергөө абагында кармалып турган 29 өзбек бозгунунун 12си ушул аптада Өзбекстанга өткөрүлүп берилиши ыктымал. Бул тууралуу Баш прокурор Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, 12 адамдын кылмыш кылгандыгы аныкталды. Ал эми калган 17 адамдын иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Азимбек Бекназаров алардын кылмыш кылгандыгы далилденсе алар да өткөрүлүп берилет деп билдирди. Бирок атуулдук коом өкүлдөрү кыргыз бийлиги кылмышкер болсо да качкындарды өткөрбөшү керк деп жатышат. Баш паанек издеп келгендер менен иштешип жаткан «Адилет» коомдук уюмунун жетекчиси Чолпон Жакупованын айтымында, Өзбекстандын прокуратурасынын аныктамасына караганда, 29 адамдын бирөө гана соттолгон. Үчөө киши өлтүрүү фактысы, калгандары терроризм, Конституциялык түзүлүшкө кол салуу, диний-экстремисттик топторду түзүү же ага катышуу, түрмөдөн качуу, кылмыштык топторду түзүү өңдүү айыптар боюнча суралып, тергелип жаткандар.

XS
SM
MD
LG