Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:58

"Атуулдар акыйкат шайлоо үчүн” комитетине даттануулар түшүүдө


БИШКЕК. Президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө олуттуу мыйзам бузууларга жол берилип жатканына нааразы болушкан президенттикке талапкерлер Кеңешбек Дүйшөбаевдин жана Турсунбай Бакир уулунун өкүлдөрү, чет элдик байкоочулар “Атуулдар акыйкат шайлоо үчүн” комитетине доо арызын жолдогон. Арыздын көчүрмөсү БШКга, Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөн. Бул маселе 6-июлда “Атуулдар акыйкат шайлоо үчүн” комитетинин отурумунда талкууланды. Даттануу арызында Бишкектин 1-май районунун аймагында президенттикке талапкер Турсунбай Бакир уулунун үгүт баракчалары айрылып, анын үстүнө Курманбек Бакиевдин үгүт баракчалары чапталып жатканы жана бийлик тарабынан ар кандай кысым жасалып жатканы көрсөтүлгөн. Аталган комитеттин жооптуу катчысы Галина Куликова арызда көрсөтүлгөн маселелер жеринде териштириле тургандыгын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG