Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:56

АКШ Кыргызстандагы авиабазасын качан чыгарып кетээри белгисиз


БИШКЕК. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болуп кирген Борбор Азия өлкөлөрү менен ал мамлекеттерде авиабазаларды жайгаштыруу эки тараптуу келишимдердин негизинде ишке ашкан деп билдирди 5-июлда Вашингтондо өткөн маалымат жыйынында Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Лоуренс Ди Райт (Lawrence Di Rita). Ди Райт бейшембиде Астанада өткөн Шанхай кызматташтык уюумунун саммитинин жыйынтыгында кабыл алынган декларацияны көрбөгөндүгүн белгилеген. Астанада ШКУга кирген өлкөлөр АКШ Борбор Азиядагы авиабазаларын Ооганстанда абал турукташкандыктан качан алып чыгып кетээрин ачык айтууга тийиш деген декларация кабыл алышкан.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева негизинен ШКУнун жыйыны канааттандыраарлык өткөнүн 6-июлда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, АКШ менен кызматташтык бир эле аскердик база менен чектелип калбайт. Учурда Америка жалгыз эле Кыргызстанга эмес жалпы Борборазия аймагында террорчулукка каршы күрөшүүдө зор салым кошуу менен бирге финансылык колдоо көрсөтүп жатканын белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG