Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:26

Чолпон Орозобекова , Бишкек Эки жыл мурда Орусиянын атактуу хиругрдары тарабынан ажыратылган кыргызстандык сиам эгиздери Зита менен Гита Москвадан келишти. Алар 22-августка чейин ата- энесинин маңдайында болушмакчы. Андан кийин кайра Москвага кетишет.

Зита менен Гита Сокулук районунун Жаңы жер айылында жашайт. Алар каникулга Москвадан 1-июлда келишти. Зита менен Гита экөө тең ачык-айрым, эчтекеден тартынбаган кыздар. Биз короого киргенден эле эски тааныштай сүйлөшүп киришти. Ошентип дүйнө жүзүнүн бардык телеканалдарынан көрүнүп, 12 саттык операциядан кийин ажыратылган эгиздер азыр ар кимиси өз алдынча басып жүрүшөт.

Апасы Зумрият Резаханова бир кезде эки кызын эки колуна жетелеп, тээ айылдын четинен үйүнө чейин басып келсем деп кыялданчу экен:

- Мен дайым айтчу элем, ушинтип кыялданам, эки кызымды эки колума жетелеп, айылдын четинен түшүп калып, басып келсем деп. Анан айтчу элем кудайдын күндөрү көп. Кайсы бир күнү ошол күн келет дечүмүн. Мен энемин, азап тарттым, кыйналдым, бирок кыздарыма канчалык кыйын болгонун өздөрү гана билет.

Экөөнүн мүнөзү таптакыр эки башка. Гита дайым алдыда жүрөт, Зитага сиңдисиндей кам көрүп турат, аны билип алган Зита Гитаны жумшап да койот экен.

- Гита биринчи төрөлгөн, Зитадан 2-3 мүнөткө улуу. Ага чындап эле улуудай мамиле кылат. Зита болсо Гитаны башкарып, эркелеп жумшап алат. Гита мейличи деп койот. Зитка болсо тим эле элдин баары ага тизелеп турушун жакшы көрөт.

Апасы кыздары буга чейин денеси кошулуп кантип жашап келгендерине таң калат. Экөөнүн мүнөзү таптакыр эки башка дейт.

Операция боло электе бир окуя болуптур. Гита үйдө отуруп мультфильм көрмөк болот, ал эми Зита болсо эшикке чыгабыз деп болбойт. Экөө ошол жерден урушуп кетип, бирин бири сүйрөп алыша башташат. Гита Зитаны сүйрөп телевизордун астына алып барат. Зита кайра күчтөнүп туруп, Гитаны эшикке сүйрөп чыккан экен.

Зита менен Гита азыр үчүнчү классты бүтүштү. Москвалык дарыгерлер операциядан кийин дароо интернатка окууга киргизишкен. Гита эрки күчтүү, тырышып окуйт. Зита болсо бир аз оюнкараак. Экөө интернатта чогуу окуган Валера деген баланы жакшы көрүп калышканын, ага үй тапшырмаларды жазып беришерин айтып беришти.

Зита менен Гита быйыл 14 жашка чыгышат. Турмуш куруп, эл катары бир кызматта иштегилери келет. Зита чоңойгондо психолог болом дейт, ал эми Гита болсо доктур болууну кыялданат экен. Бирок отуруп иштегидей, тынч жумуш керек экенин түшүнүшөт. Гита Москвада нечен аппараттарга тартылып атып, бекеринен УЗИге тарткан доктур болом деген жок, ал ошол жумуш өзүнө ылайык болоорун ойлонушутуруп чыкты.

Операциядан кийин кыздар дагы, апасы дагы турмушка ашкан нерсени аңдай албай, ишене албай көпкө кыйналышкан. Гита дагы, Зита дагы операциядан кийин эстерине келип, жуурканды ачып бир тууганын издеп, анын жоктугуну көрүп кубанычтанбы же чочуганданбы катуу ыйлап ийишкен. Экөө тең операциядан кийин онтоп жатканда апасы келип, биз күчтүүбүз, биз баарына чыдайбыз деп кыздарына кайрат берип турган.
Эгиздердин бир девизи бар экен, биз күчтүүбүз, момунча жолду басып өттүк, мынчасы калды, аз калды, биз чыдайбыз дешет.

Ал эми апасы болсо кудай бизди жакшы көрөт, кудай бизге жамандык бербейт деп кыздарын сооротот:

- Биз күчтүүбүз. Момундай тоодой кыйынчылыктарды жеңдик, эми алдыда аз гана оорчулуктар турат. Аны жеңип туруп, алаканды чаап, баарын жулмалап туруп, таштандыга ыргытып жиберебиз,- дейт Гита.

Зита менен Гита августтун соңунда кайра Москвага кайтышат. Азыр да алдыда бир топ кыйынчылыктар бар. Кыздарга эми мыкты проктолог врачтардын жардамы керек. Эми табарсык жана жоон ичеги багытында операцияларды жасатууга мүмкүнчүлүк издөө керек.

Зумрият Резаханова буга чейин моралдык жана материалдык колдоо көрсөткөн депутаттар Кубатбек Байболов, Темирбек Сариевге, “ИТЕК эйр” жана “Аэрофлот” агенттикетрине жана башка аты аталбай калган адамдарга терең ыраазычылык билдирип таазим кылат.

Зита менен Гита Москвада баары жакшы, бирок өз үйүбүзгө жетпейт дешти. Москвада атактуу профессорлорго медициналык кызматкерлерге жана мугалимдерине Кыргызстандын ар нерсесин мактап тажатышат экен. Зумрияттын айтымында, кыздардын айткандарын айтып, москвалыктар чычалап да калышат.

24-марттагы окуяда телевизордун маңдайынан кетпей, телефон чалып улам сурап турушкан.

- Кыргызстанда тополоңду укканда жүрөгүбүз түшүп калды. Апама чалып, биз үйгө бара албай калабызбы деп сурасам, революция болуп атат деди. Гита экөөбүз телевизордун жанынан чыкпай, жаңылыктарды карап отурдук,-дейт Зита.

Ошентип алар куса болуп сагынган кыштагында каникулда жүрүшөт. Короодо экөө күндүн ысыган чыдабай короодогу жасалма душта киринип, жөжөлөрдү кубалап ойноп жүрүшөт. Бизди таң калтырганы экөө бирин бири “түз бас, моделдей бассаң” деп турушат экен. Операциядан кийин жыгылып туруп басканга үйрөнүп аткан кыздарына апасы ошентип үйрөткөн экен:

- Операциядан кийин кыздарым бири жыгылып, бири бүкүрөйүп басып атканда ушинтип үйрөткөм. Силер деген татынакай кыздарсыңар, фотомоделдей түптүз баскыла, элдин баары силерди карап атат деп үйрөткөм. Ошондон бери бири биринин басканына көз салып, менин сөздөрүмдү кайталап турушат.
XS
SM
MD
LG