Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

ЭЛ АРАЛЫК БАЙКООЧУЛАР ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ӨНӨКТҮГҮНӨ БАА БЕРИШТИ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Шайлоого байкоо жүргүзгөн Европалык уюмдар түйүнүнүн Кыргызстандагы миссия өкүлдөрү 6-июлда маалымат жыйын өткөрүштү. Алар президенттик шайлоо өнөктүгү буга чейинки шайлоолорго караганда жакшы шартта өтүп жаткандыгын, бирок айрым бир мыйзам бузуулар орун алгандыгын маалымдашты.

Президенттик шайлоого саналуу гана күндөр калды. Буга байланыштуу шайлоо өнөктүгүнө байкоо жүргүзгөн эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар өз байкоолорунун жыйынтыгын чыгарышууда. Шайлоого байкоо жүргүзгөн Европалык уюмдар түйүнүнөн он төрт өкүл үстүбүздөгү жылдын биринчи июнунан бешинчи июлга чейин республиканын бардык областтарында болушуп, талапкерлерди каттоого, шайлоочулардын тизмесин түзүүгө, үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүшкөн.

Маалымат жыйынында Европалык уюмдар түйүнүнүн Кыргызстандагы миссия жетекчиси Питер Новотный жалпысынан бул жолку шайлоо өнөктүгү мурдагы шайлоолорго караганда бир кыйла жакшы шартта, олуттуу мыйзам бузууларсыз өткөндүгүн белгиледи:

-Президенттик шайлоо өнөктүгү парламенттик шайлоого салыштырганда жакшы шартта өтүүдө. Биздин байкоочулар шайлоочуларды сатып алуу же байкоочуларды, студенттерди, журналисттерди коркутуу же мурдагыдай административдик ресурстарды ири өлчөмдө колдонууну байкашкан жок.

Ошондой эле ал шайлоо өнөктүгү мезгилинде айрым бир мыйзам бузуулар, административдик ресурстарды колдонуу болгондугун да мисал келтире кетти:

- Маселен, Нарын обласында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү президенттикке талапкер Курманбек Бакиевдин үгүт материалдарын администрация имаратына илип алышкан. Ошол эле мезгилде ал жерде башка талапкерлер тууралуу эч кандай маалымат жок. Аларга коюлган сын пикирден кийин дароо мындай кемчиликтер ондолду. Мындан сырткары тартип коргоо орган кызматкерлери жөн жерден эле президенттикке талапкер Турсунбай Бакир уулунун Ош обласынын Карасуу районундагы штабын тинтүүгө алышкан. Бизде ушул сыяктуу маалыматтар катталды.

Мииссия жетекчиси мындан сырткары БШК шайлоо өнөктүгү боюнча коомчулукка жеткиликтүү маалыматты өз убагында бербей жаткандыгын, участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрү жеткиликтүү деңгээлде даярдалбагандыгын айтып, БШКны коомчулукка ачык болууга чакырды.

Маалымат жыйында БШКнын бир мүчөсү эл аралык байкоочуларга БШКнын имаратында кошумча 15 миң бюллетень сакталып тургандыгын жана ал мыйзам талабына ылайык жок кылынбагандыгын маалымдагандыгы да айтылды.

Буга байланыштуу биз БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимовго кайрылганыбызда мындайча жооп узатты:

- Биздин бир кызматкер катачылык кетирип он беш миң бюллетень ашыкча басылган. Ал бюллетендер Бишкектин Свердлов районуна берилиши керек экен. Ал эми район өкүлү мынчалык сандагы бюллетень заказ бербегендигин айткан. Териштирүү учурунда бул биздин кызматкердин катачылыгы экендиги такталды. Натыйжада ал кызматкер жумуштан кетти.

XS
SM
MD
LG