Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:09

САЯСИЙ ТЕЛЕАЙТЫШТАРДА ЖАНДУУ ТАЛАШ-ТАРТЫШ БАЙКАЛБАЙТ


5-июлда кечки саат 8.30. дан баштап Кыргыз улуттук телерадио корпорациясы уюштурган Президенттикке талапкерлердин теледебаттары экинчи ирет өткөрүлдү жана ага Кеңешбек Дүйшөбаев менен Турсунбай Бакир уулу катышты.

Президенттикке талапкерлердин экинчи ирет өткөргөн теледебаттары жөнүндө Би-би-си радиосунун кабарчысы Кубат Чекиров мындайча пикирин ортого салды:

- Мурда биздин тележурналистикабызда мындай саясий айтыштар, уюштурулган эмес. Уюштурулса да жасалмалуу болуп келген. Бул сапар микрофон эркин болуп, ачык, бирок адептүү сүйлөгөнгө кичине-кичинеден үйрөнүп келатканыбызды байкадым.

Кубат Чекиров эксперттердин дээрлик көбүнүн суроолору берилбей калганына мындайча сын айтты:

Бул саясий айтыштарды ийкемдүү кылып уюштуруш керек эле. Алдынала мынча суроо, мынча жооп берилсе болот деп – эсептеп. Жооптордун да, суроолордун да убактысын чектеп коюшса жакшы болмок.

Эксперт Эрнест Икрамов бул жолку теледебаттарга катышкан Президенттикке талапкерлер негизги суроолордон четтеп жооп беришкендигин, маселен: “24-марттагы элдик ыңкылап пландаштырылып жасалган нерсе беле же стихиялуу чыга калдыбы?” - деп сурашса, Кеңешбек Дүйшөбаев да, Турсунбай Бакир уулу да эч нерсе айтпай койгондугун белгиледи.

Өзүн Жээнбек деп тааныштырган катышуучу: “Кечеги дебатка караганда бүгүнкүсү кызыктуураак болду.” - деген пикирде.

Ал эми талапкерлердин теледебаттарынын алып баруучусу Олжобай Токтосунов бул жолку таймашты орто деп баалады:

- Орто дегенимдин эки себеби бар. Булар мамлекет башкарууга талапкер болгондон кийин бардык маселе боюнча айтыш керек эле. Бирок биз рамкага салып – чектеп койдук аргасыз. Экинчиден, бир эле темага – мамлекет жана ислам маселесине өтө көп токтолуп алышты. Ал эми суроолордун узарып кетиши – биздин алдын ала атайын даярдабагандыгыбыздан.

Андан кийин биз ушул теледебаттарга чыккан Президенттикке талапкерлерге микрофон сундук. Кеңешбек Дүйшөбаев:

-Эң негизгиси, биздин элибиз канааттанса болду. Бул дебатка биз жөн эле бири-бирибиз менен айтышуу үчүн эмес, өз программабызды элге жеткирүү жана кайсы бир саясий окуяга позициябызды билдирүү үчүн да келгенбиз. Мен күткөн суроолор да, мен күтпөгөн суроолор да келди.

Турсунбай Бакир уулу “Революциядан кийинки Президенттик шайлоодо талапкерлерге үгүт теңдиги жаралдыбы?” деген суроону күтсө - түшпөгөндүгүн, ал суроого мындай жооп бермектигин айтты:

- Мен башында эки жолу Бакиев мырза менен сүйлөшкөмүн. Кол чогултуудагы жана штабдарды ачуудагы теңсиздикти айтканымда ал тартипти киргизүүнү убада кылган. Бирок азыр да көп жерлерде жергиликтүү бийликтер тең үгүттөөгө шарт түзүп бергени жок. Бакиев келсе - стадион толо эл. Биз бешөөбүз чогуу барсак - эл жок, болгону отуз-кырк мамлекеттик кызматкер. Ташкөмүр, Майлысуу, Кызылкыя шаарларында, Токтогул, Кадамжай райондорунда ушундай болду. Ал тургай БШКнын графигин Ташкөмүрдүн акими да, округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы да билбейт экен. Токмокто менин сүрөттөрүмдү чаптаган жерден алдырып таштап атышыптыр.
XS
SM
MD
LG