Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:23

АКАЕВ ТЕРГӨӨЧҮЛӨРГӨ КӨРСӨТМӨ БЕРҮҮДӨН БАШ ТАРТТЫ


7-июлда Башкы прокурор Азимбек Бекназаров маалымат жыйынын өткөрүп, өзбек качкындары, мунапыс жана коррупциялык иштерди тергөөнүн жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Ал ошондой эле Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрүнө Аскар Акаев Москвада көрсөтмө берүүдөн баш тартканын ачыктады.

Маалымат жыйынындагы билдирүүсүн өзбек качкындары боюнча баштаган Азимбек Бекназаров бүгүнкү күндө 426 качкын бар экенин, алардын тагдыры эл аралык мыйзамдарга ылайык чечилерин билдирди:

- Минск Конвенциясынын негизинде биз өзүбүз иликтеп, текшерип, кылмышкер экенин аныктагандан кийин гана кайтарып беребиз. Бүгүнкү күндө 29 адамын жарым-жартылай тактап, Ош СИЗОсуна алып келгенбиз.

Андан кийин буга чейин кылмыш жасады деп күнөөлөнүп, жашынып жүргөн Кыргызстанга белгилүү атуулдарды өз эркиңер менен келип, тергөөгө жардам бергиле деген Башкы прокурордун чакырыгына токтолду. Бекназаровдун айтымында, бул чакырыктан кийин ондогон адамдар өз эрки менен келди. Алардын ичинде аты атпай журтка белгилүү Рысбек Акматбаев, “Рентон групптун” кожоюну Эдуард Пак жана башкалар бар.

Коррупцияга каршы күрөш маселеси тууралуу Бекназаров буларга токтолду:

- Жогорку Кеңеш акыркы күндөрү “Мунапыс жөнүндө” мыйзам кабыл алды. Иши бизде тергелип жаткан чиновниктердин баары ошол мунапыска түшүп калды. Тактап айтканда, кызмат кылмыштарын жасаган адамдардын баары ушул мунапыс менен кутулуп кетет экен.

Ошондуктан ага кол койбоого президенттин милдетин аткаруучуга кайрылууга мажбур болуп жатам, деди Башкы прокурор.

Мунапыс тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов мындай пикирин билдирди:

-Түзүлгөн саясий жагдайга байланыштуу биз көздөп, жоопко тартылабы деп эл көксөп жүргөн кылмышкерлер ушул мунапыс менен бошонуп кеткени жатпайбы. Бул тууралуу мен көп жолу айтканмын.

Башкы прокурор Аскар Акаев, Адил Тойгонбаев, Айдар Акаев жана Николай Танаевдин коррупцияга тиешебиз жок деп актанганына карабай, тергөөнүн жүрүшүндө бул адамдардын кылмышын далилдеген жетиштүү фактылар топтолгонун билдирди. Алар өздөрүн ак деп эсептесе, ошол эле Эдурад Пак сымал Кыргызстанга келип, өзүн коргобойбу деди Бекназаров:

-Акаевдар, Адил Тойгонбаев жана Николай Танаев чет өлкөдө жүрүп, эч кандай кылмыш кылган эмеспиз, бул саясий куугунтук деп, ар кандай маалымат жыйындарын өткөрүп, кайрылууларды жасап жатышат. Эгерде алардын күнөөсү жок болсо ошол эле Акматбаев, Пак сымал эмне үчүн келе алышпайт? Тергөө менен кызматташып, өздөрүнүн актыгын далилдөөгө аракет кылышпайт?

Башкы прокуратура бажы тармагындагы коррупциялык иштерге байланыштуу да кылмыш ишин козгоду.Буга Жогорку Кеңештин депутаттарынын, андан сырткары бажы тармагында иштеген кызматкерлердин маалымат каражаттары аркылуу кайрылуусу себеп болууда.

Бажы тармагынын бир катар кызматкерлери коррупцияга тиешеси бар жетекчилер дагы эле бажы инпекциясында жетекчи кызматтарда отурушканын, алар өздөрүнүн кылмштарын жабуу үчүн бажынын архивтерин өрттөөгө аракет кылышканын жана бажыдагы коррупцияга тиешеси бар, «капчык” аттуу лакап ат коюлган Жогорку Кеңештин депутатына да көрсөтмө берүүгө даярдыгын билдиришкен. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кайсы кызматта турганына карабай жазага тартылат, деп белгиледи Башкы прокурор Азимбек Бекназаров.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG