Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Бүгүн Британиянын ордо шаары Лондондун чордонунда бир нече ирет жардыруу болду. Анын башкы буталарынын бири – Лондондун метро системасы болду, андан тышкары үч автобус жардырылганы кабардалууда. Бул окуя өлкөнүн Шотландия аймагында Чоң сегиздиктин өлкө башчылары өздөрүнүн кезектеги саммитине жыйылып жатканда орун алды.

Лондондогу бейшемби күнкү жардыруулардын айынан бери дегенде отуз жети киши набыт болгону, төрт жүздөй киши жаракат алганы айтылууда. Бир нече жолку жардыруудан соң, бүткүл метродогу кыймыл убактылуу токтотулду.

Лондон метросунан тышкары, үч автобус жардырылганы айтылууда. Ордо шаардын полиция башчысы Ян Блэрдин (Ian Blair) айтымында, бардыгы болуп алты жолу жардыруу болгон:

- Биздин оюбузча, алты жолу жардыруу болду окшойт. Бирок бул тууралуу даана айтууга азырынча кыйын. Эң башкысы – биз мүмкүн болушунча тез арада кырдаалды турукташтырууга жетишебиз.

Британ премьери Тони Блэр болсо жардыруу үчүн өзү «террорчу» деп атаган күчтөрдү айыптады.

Өзүн "ал-Кайида" тармагынын бөлүгү деп санаган бир исламчы уюм бул террордук чабуул үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алды, бирок интернет аркылуу ал уюм таркаткан кабар көз каранды эмес булактар аркылуу тастыктала элек.

Британиянын Ички иштер катчысы Чарлз Кларк (Charles Clarke) шашылыш өкмөттүк жыйындан соң журналисттер менен жолугуп, жабыр таркан адамдар бар экенин, учурда аларга чукул жардам көрсөтүлүп жатканын билдирди:

- Тез жардам көрсөтүү кызматкерлери окуя болгон жерде өзгөчө жабыр тарткандарга чукул жардам көрсөтүүдө. Мен жалпы эле өкмөтүбүздүн атынан жаракат алгандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө алар менен тилегибиз бир экенин айтам.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, жардырууга кабылгандардын көбү дендароо болуп, эмне кылаарын билбей алдастап калышкан экен. Жардыруу маалында метродо болгондордун биринин сөзүнө назар салалы:

- Биз метронун Кингс-Кросс бекетинен жаңыдан эле узаган болчубуз. Жүз метрдей узагыча эле, жардыруу болду. Жапжарык боло түшүп, анан баары караңгыга төндү. Андан соң чукул кырдаалда күйчү жарык пайда болду. Кишилер кыйкыра башташты. Анан жердин баарын түтүн менен күл каптап калды, кийимдин баарына күл түштү. Биз эмне болуп кеткенин эч түшүнгөн жокпуз.

Анын айтымында, жүздөгөн жүргүнчүлөр метронун ичинен Кингс-Кросстогу жакынкы бекетти көздөй самсып, акыры коопсуз жерге жетишкен.

Дүйнө коомчулугу бул соңку террордук чабуулду терең айыптап чыкты. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши террордук чабуулду айыптаган резолюцияны бир добуштан колдоп чыкты.

Британ премьери Тони Блэр бул террордук иш-аракетти айыптаган Британиянын Мусулмандар кеңешине өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.
XS
SM
MD
LG