Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Депутат Баяман Экинбаевдин жубайы журналистти айыптады


ОШ. Депутат Баяман Эркинбаевдин жубайы, “Палван” жоопкерчилиги чектелген коомунун деректири Чолпон Султанкулова 13-июль күнү “Алай” мейманканасынын жанында болгон окуяларды тартып жүрүп, Ош-3000 мамлекеттик телеканалынын журналисти Зулфия Кожоева Баяман Эркинбаевдин эжеси Умсунай Эркинбаевадан “теледен Баямандын кызыкчылыгын коргоп берем” деп, 5 миң сом өлчөмүндө пара алган деген билдирүү таркатты. Ал эми маалымат жыйынына катышып отурган журналист Зулфия Кожоева аталган айыптоону жалган жалаа катары баалап, анын беделине эл алдында шек келтирилгендиги үчүн сотко бере тургандыгын билдирди. Зулфия Кожоеванын айтымына караганда, эгерде ал Умсунай Эркинбаевадан пара алган болсо “Алай” мейманканасы тараптан ок атылды деген маалыматты эфирден берe алмак эмес.

XS
SM
MD
LG