Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:55

Башкы прокурор «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзамга вето коюлушун каалайт


БИШКЕК. Улуу Ата мекендик согуштун 60 жылдыгына байланыштуу июнь айынын этегинде Жогорку Кеңеш кабыл алган «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзамга вето коюу суранычы менен Башкы прокурор президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге кайрылганы жатат. Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун айтымында, мурдагы бийликтин тушунда жасалган коррупциялык иштер боюнча козголгон кылмыш иштердин бардыгы аталган мыйзамга ылайык мунапыска туш келип жатат. Мунапыска тушуккан коррупциялык жана экономикалык кылмыш иштердин катарына Башкы прокурор экс-премьер-министр Николай Танаевге, президенттин администрация башчысы Тойчубек Касымовго, «Кыргызтелекомдун» мурдагы директору Мамбеталиевге, экс-президенттин уулу Айдар Акаевге жана күйөө баласы Адил Тойгонбаевге байланыштуу кылмыш иштерин кошту. Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев эгер «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзам чын эле кылмыштуулукка каршы күрөшкө тоскоол кылып жатса, Башкы прокурордун демилгесин колдоорун билдирди. Бирок Текебаев мыйзам долбоорун талкуулап жатканда Башкы прокуратура өзүнүн ынтызар мамилесин көрсөтө алган эмес деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG