Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

АСКАР АКАЕВ 17-ИЮНДАГЫ ТОПОЛОҢДУ ТЕЛЕФОН АРКЫЛУУ БАШКАРГАНБЫ?


Чолпон Орозобекова , Бишкек Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров өкмөт үйүндө журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анын пикиринде, азыр өлкөдө кырдаал тыптынч. Азыркы бийлик президенттик шайлоолор таза жана демократиялуу өтүшү үчүн аракеттерди жасап жатат. Вице-премьердин айтымында, азыркы бийликтин колунда 17-июндагы башаламандыкка Аскар Акаевдин түздөн түз тиешеси бардыгын далилдеген материалдар бар.

Вице-премьер Адахан Мадумаровдун пикиринде, азыр өлкөдө кырдаал тыптынч, керек болсо 24-мартка чейинки күндөргө караганда бир кыйла тынч. Анын пикиринде, кыргыз бийлиги бул шайлоо таза жана демократиялуу өткөрүүгө колдон келген аракетин жасайт.

Ал эми өзбекстандык бозгундар боюнча Кыргызстан оңой эмес кырдаалга кептелгенин айтты. Астанада ШКУнун жыйынында Ислам Каримов бул багытта сөз козгобоптур. «Биз күткөнбүз. Тилекке жараша Астанда ал тууралуу сөз козголгон жок» деди Адахан мырза. Анын айтымында, ар бир качкындын тагдыры эл аралык нормаларга жана Минск келишимине ылайык чечилет.

ШКУга мүчө мамлекеттердин америкалык куралдуу күчтөрдүн чыгарылышы тууралуу чечими жөнүндө кесе айткан жок. Бирок АКШнын аскердик базасын чыгаруу мөөнөтүн куралдуу күчтөрдүн кол башчысы болгон өлкө башчысы гана чечээрин, келишим боюнча америкалык тарапка бул туурасында 6 ай мурда эскертээрин билдирди.

Журналисттер үчүн вице-премьердин 17-июндагы окуя жөнүндө айткандары күтүүсүз болду. Адахан Мадумаровдун айтымында, 17-июндагы өкмөт үйүнө чабуулга экс- президент Аскар Акаевдин түздөн түз тиешеси бар жана анын телефон аркылуу сүйлөшкөндөрүнүн айрым учурларын атайын кызматтар жаздырып алган:

- Кыргызстандагы аттуу баштуу чоң адамдар дагы 17- июндагы окуя болоорун билип, аны ичинен колдоп турушкан. Аскар Акаевдин болсо бул окуя болгон күнү телефон аркылуу сүйлөшкөндөрүнүн айрым үзүндүлөрү бар бизде. Ал киши бул окуяга 2 миллион доллар берген жана телефон аркылуу башкарып турган.

Адахан Мадумаровдун айтымында, ошол күнү жада калса мамлекеттик жогорку жетекчиликтердин өмүрүнө кол салуу планы да болгон:
- Дал ошол күнү мени, Курманбек Бакиевди, Данияр Үсөновду жана жок кылуу планы болгон. Кабинетте отурган болсок анда атуу жагы каралган. Бирок кудайдын парманы менен андай болгон жок.

Адахан Мадумаров бейшемби күнү кечинде ОРТ каналы аркылуу коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязовдун бул багытта интервьюсу берилээрин кабарлады. Укук оргоо органдарындагы материалдар боюнча мунун чоо- жайын Мирослав Ниязов орусиялык журналисттерге кенен айтып берген. Жакынкы күндөрү коопсуздук кеңештин дал ушул маселеге арналган жыйын болот.

Экс-президенттин адвокаты Максим Максимович болсо азыркы бийлик Аскар Акаевди «Кыргызстандын аба- ырайын Канар аралдарындагыдай кылган жок» деген гана айыпты тагыша элек деген. Аскар Акаев «Московский комсомолец» гезитине берген маегинде «азыркы бийлик үчүн бардык балээнин баарын мага үйө бериш ыңгайлуу жана коопсуз» деп айтты.

Коомчулукта болсо мурунку бийликти жактаган күчтөр котрреволюциячыл аракеттерди жасап жатат деген ойлор басымдуулук кылат. Тышкы иштер министри Роза Отунбаева дагы ушул аптада Кыргызстанда контреволюциячыл аракеттерге жол бербейбиз деп билдирген.

XS
SM
MD
LG