Линктер

дүйшөмбү, 27-февраль, 2017 Бишкек убактысы 03:45

Багдад шаарында Мисирдин Ирактагы өкүлү өлтүрүлдү


Сунни мусулмандарынын жогорку жетекчиси шейх Мохамед Сайед Тантави бүгүн Каир шаарынан Ирактагы согушчандарга кайрылып, туткунга алынган Мисирдин өкүлү Ихаб ал-Шарифтин бошотулушун талап кылган. Аны белгисиз лашкерлер Багдад шаарында ишемби күнү барымтага алып кеткен жана бүгүн интернетте тараган маалыматтарга караганда, өлтүрүлдү. Тантавинин айтымында, Шариф Багдадда өз мамлекетинин ишин жүргүзгөн жана Ирак элине эч зыян тийгизген эмес. Бүгүн эртең мене Ирактын Мосул шаарында кагылышуу болуп, үч адам өлдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG