Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Шотландияда өнүккөн мамлекеттердин бийик жолугушуусу уланууда


Шотландиянын Глениглс шаарында өтүп жаткан бийик жолугушууда бүгүн дүйнө аба ырайынын өзгөрүүсүнөн чыккан маселелер талкууланды жана АКШ президенти Жорж Буш менен Британия премьер-министри Тони Блэрдин пикиринде, ал тууралуу келишим түзүлсө, ага өнүгүп келе жаткан мамлекеттер дагы катышууга тийиш. Блэрдин айтымында, кандай болгон учурда дагы бул абдан узак жараян:

- Бул маселе боюнча азыр талкууланып жаткан негизги нерсе - бардык тараптарды кайрадан бир мунасага алып келүү. Жалаң эле Америка, Европа жана Жапония эмес, бул маселени чечүүгө азыр ыкчам өнүгүп келе жаткан Кытай жана Индия сыяктуу мамлекеттер да катышууга тийиш, алар келечекте өтө көп кубат пайдалана турган өлкөлөр.

Айрым окумуштуулардын пикиринде, абанын ысып баратышы атмосферага өтө көп газ калдыктары чыгарылгандыктан болууда, ошондуктан ага негизинен өндүрүшү өнүккөн мамлекеттер салым кошот. Саммит өтүп жаткан Глениглстын айланасына беш миңге жакын антиглобалист чогулуп, каршылык аракеттерин көрүүдө. Премьер Блэр болсо бүгүн шашылыш түрдө Лондонго келди.

XS
SM
MD
LG